super.kg logo
  Спорт  

Кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз курама командасынын атаандаштары белгилүү болду

 

Кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз курама команданын атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 9-17-март аралыгында Таиланддын Паттайя шаарында өтөт. Кечээ, 3-декабрда Патайя шаарында чүчү кулак аземи өтүп, 15 курама команда 4 тайпага бөлүндү. Анда Кыргыз курама командасы "В" тайпасына БАЭ, Кытай жана Ливан курамалары менен туш келди.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгында чейрек финалга ар бир тайпадан 2 курама команда чыгат.

Чүчү кулактын жыйынтыгы:

"А" тайпасы: Таиланд, Ооганстан, Малайзия, Палестина;

"В" тайпасы: БАЭ, Ливан, Кытай, Кыргыз өлкөсү;

"С" тайпасы: Япония, Бахрейн, Катар, Кувейт;

"D" тайпасы: Иран, Оман, Ирак.

Кыргыз курамасынын беттештеринин тизмеси:

1-тур, 7-март: БАЭ - Кыргыз өлкөсү;

2-тур, 9-март: Кыргыз өлкөсү - Ливан;

3-тур, 11-март: Кытай - Кыргыз өлкөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: