Кыргыз мамлекеттик циркинин директору ооруканага жаткырылды
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Курмангазы Исанаев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин кызматкери билдирди.
Анын айтымында, Курмангазы Исанаевдин ден соолугу начарлап, ал ооруканага жаткырылды. "Исанаев ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен", - деп айтты цирктин кызматкери.
Белгилүү болгондой, депутат Аида Касымалиева Мамлекеттик цирктеги коррупциялык иштер боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында баяндама жасаган. Анда Касымалиева цирктин айланасындагы коррупциялык иштер боюнча эмгек жамааты тарабынан байма-бай арыздар түшүп жатканын билдирген.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганыбызда, учурда Курмангазы Исанаевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча чечим даярдалып жатканын айтышты. Бирок Исанаев ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени үчүн учурда аны кызматтан алууга мүмкүн болбой жатканын айтышты.


Бул кишинин ХХХХХ калган экен, жей берип. Коп жеп койгонунан ооруканага тушсо керек...
Мандайынарда коррупционерлер жайнап турса караган адам жок. Анан коррупция менен курошуп жатабыз деп кыйкырганга маш бийлик.
Бу киши Танаев доорунан бери цирктеги миллиондорду сугунуп келген экен.....