Лейлекте жайытка жылкы издеп кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси табылды
Лейлекте жайытка жылкы издеп кетип 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"29-ноябрь күнү 1966-жылы туулган К.Мансуров аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Анын жакындары ӨКМга издөө иштерин жүргүзүүнү суранып, 2-декабрь күнү кайрылышкан. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жалпы 25 куткаруучу тартылган. Кечээ, 3-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Бужум жайлоосунда маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Саламатсызбы, азырынча ушул эле маалымат берилген. Калган себептери такталууда.