super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров Чаткалдагы окуялар боюнча чукул кайрылуу жасады (толукталды)

 

Адахан Мадумаров Чаткалдагы окуялар боюнча чукул кайрылуу жасады.

Кайрылуунун толук тексти:

"Бир жуманын арасында ар кандай саясий эмес коомдук уюмдар, биздин жаштар, ар кандай бирикмелер Кыргыз Республикасынын аймагына Кытай өлкөсүнөн жана башка мамлекеттерден келгендердин саны кескин түрдө көбөйүп кеткендигине абдан чоң кооптонуу менен нааразычылык айтып, ушул маселени биринчи күн тартибине коюп келишет.

Мен аларды 100 пайыз колдойм. Бул кооптонууну биздин "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы, "Мен макул эмесмин" бүткүл элдик кыймылы ар дайым биринчилерден болуп көтөрүп келген. Сырттан, айрыкча Кытай мамлекетинен келгендердин санынын кескин түрдө көбөйүп, биздин мамлекетти басып кетиши, дагы бир жолу баса белгилеп айтайын, мамлекеттин, өкмөттүн да, Жогорку Кеңештин да биринчи күн тартибинде турган маселесине айлануусу керек.

Анын үстүнө кечээги биздин Терек-Сайдагы болгон окуя ага кошумча болду. Бул окуя бүгүнкү кыргыз бийлигинин нукура жүзүн көрсөтүп койду. Бул элдик бийликпи же баягы келген бийликтин уландысыбы? Ошол көчтүн уландысы экендигин даана көрдүңүздөр. Таптакыр сабак албай койду. Менин угушума караганда, кыргыз элине каршы күч органдарынын 400гө жакын атайын даярдыктан өткөн аскерлеринин Терек-Сай айылына барып, элди күч менен талабына каршы көндүрүүгө аракет кылып жаткандыгы - бул жапайычылык.

Мен Кыргыз Республикасынын президентине, Жогорку Кеңешке, өкмөткө расмий түрдө кайрылам. Мындай башаламандыкты, мындай жапайычылыкты, өз элиңе күч колдонууну токтот деп чечкиндүү түрдө кайрылам. Эл деген сел. Эл бир көтөрүлсө, 400 эмес, 4 миң аскериңдин күчү жетпей кала турганын биздин соңку тарых бир нече жолу тастыктады, көрсөтүп да койду. Эгер сабак албасаңар, "көсөөнүн акылы түштөн кийин кирет" дегендей, бул процессти токтотпосоңуздар, анда сиздерге да кеч болуп калышы мүмкүн.

Урматтуу кыргыз эли, бул бир гана Терек-Сайдын маселеси эмес. Мындай көйгөй Кадамжайда да, Тогуз-Тородо да көтөрүлгөн. Бул маселе Кыргыз өлкөсүнүн кайсы жеринде тоо-таштарды жарып жаткан болсо, касиеттүү кыргыз жерине зыян келтирилип жаткан болсо, жерибизди, суубузду булгап, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан жерди тебелеп баштаган болсо, бардык жерде көтөрүлөт. Бул мыйзамдуу ар бир элдин, ар бир улуттун, ар бир "мен кыргызмын" деген жарандын сөзсүз түрдө ата-бабаларынын рухунун алдындагы милдеттери.

Баса белгилеп айтам, ушул күч колдонууну, коркутууну, милицияны жиберүүнү токтотуңуздар. Кармалган жигиттерди, аялдарды токтоосуз түрдө кармалган жеринен бошотууңарды талап кылам. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Конституциясына ылайык, Кыргыз жарандарынын өз эркин айтууга, топтолууга, жыйын өткөрүүгө болгон укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн чектей турган болсоңуздар, мен жарыялашка мажбур болом. Биз элбиз, биз селбиз, биз бирбиз, биз чоң күчпүз. Бизди ар кандай бийлик чөгөлөтө албайт. Касиеттүү жерибизди тебелеткенге эч кимге мүмкүнчүлүк бербейбиз. Бүгүнкү бийлик, айрыкча жел тамандай болуп чуркап жүргөндөр Кытайдын болобу, башканын болобу, тамагын ичип алып, курсагыңарды томпойтуп жүргөнүңөр - силердин айбандык кебетеңер. Дагы бир жолу айтам, элге каршы чыкканды токтоткула.

Эгер Терек-Сайда ушундай башаламандык токтобой турган болсо, "Мен макул эмесмин" деген элдик кыймыл өзүнүн чечкиндүү жарыялоосун же чакырыгын жасоого мажбур болот. Биз бүгүн Конституциялык мыйзамдын чегинен чыкпай, биздин мыйзамдарды бузбай аракеттенүүгө үндөп келе жатабыз. Эгерде үнүбүз угулбаса, анда бийлик кандай аракет жасаган болсо, биз дагы ошондой аракеттерди каршы көрүүгө даярбыз. Себеби биздин жоготор эч нерсебиз жок. Биздин жоготорубуз - биздин ыйык жерибиз, ыйык мекенибиз. Андан башка жоготор эч нерсебиз калбады. Калганынын баарын жоготуп бүттүңөр, сатып да бүттүңөр, башка кылып да бүттүңөр.

Мен катуураак сүйлөп койгон болсом, урматтуу мекендештер, бир аз түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Себеби Терек-Сайдагы болуп жаткан жапайычылык окуяны көргөндөн кийин көкүрөгүндө "мен Кыргыз жаранымын" деген азаматтар аны кайдыгер карап тура албайт. Кеч боло электе эл менен тирешүүнү токтотуу керек.

Сырттагы мигранттардын келгендиги боюнча айтсам, соңку 1,5 жылдын ичинде 1 миллионго жакын киши Кыргыз өлкөсүнө кирди деп жатышат. Биз аларды кайда батырабыз? Эмне жумуш кылып жүрүшөт? Аларды ким текшерет? Терек-Сайдагы чыккан эл менен күрөшкөн азаматтарыбыз ошолор менен күрөшсө, жеген наныңарды актаган болот элеңер. Францияда дагы бир аз элдин толкуну болуп, өкмөттү жана бийликти сүйлөшүүгө чакырып келди. Өтө текебердик менен көңүл бурбай койгондон кийин кечээ эмне деген элдик көтөрүлүшкө айланып кетти. Кыргыз өлкөсү ошондой жолду кайталабасын. Бул эскертүү гана болсун.

Кыргызда "эсиң барда этегиңди жап" деген сөз бар. Ошону менен сиздерди эскертип гана коём. Биз Конституциянын чегинен чыкпай талап коюп жатканда сиздер да элге адамгерчиликтүү мамиле кылыңыздар. Эгер элдин башына түшкөн апаат болсоңуздар, анда эл да өз сөзүн айтат".

3-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында жүздөгөн жашоочулар митингге чыгып, аталган аймакта алтын казган түрктөрдүн "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасына нааразычылык билдиришти. Маалыматка караганда, 1 ай мурда аталган ишкананын кароолчусу менен жергиликтүү тургундар мушташып кетишкен. Ошол окуя боюнча милиция 14 адамды камакка алды. Бүгүн болсо өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков эл менен жолугушуу үчүн Терек-Сайга барды. Митингчилер камакка алынган жарандарды бошотуп, аталган ишкананы жабууну талап кылышууда.


кошулду





Мадумаров Чаткалдагы окуя боюнча билдирүү жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 40 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: