super.kg logo

Аялдын колу – анын визиттик карточкасы. Келгиле, маникюр жөнүндө сүйлөшөбүз

 

Маникюр үйрөнүү үчүн аз каражат сарптап билим алуу менен бирге иштеп акча тапса да болот

Азыркы жашоодо бир эле кесип же билим менен чектелип калуу мүмкүн эмес. Тактап айтканда, мурдагы эски кишилер китепканачы, экономист же эсепчи билимине ээ болуп, өмүр бою бир мекемеде иштеп пенсияга чыгып кетишкен. Бүгүнкү турмуш агымы такыр башка. Сиз банкта иштеп, бирок эс алуу күндөрү маникюр же макияж жасап кошумча каражат тапсаңыз болот.

Визаж, маникюрдун бардык түрлөрү, чач тарач – колорист, чач жасалгалоо, укалоочу, кирпик улоо, татуаж-перманенттик макияж, татуировка, косметолог-эстетист, каш боюнча адис, спа-процедуралар, кирпикти ламинациялоо, стилист-каштын визажы.

Дал ушул багыттарда мыкты адистерди даярдап, диплом-сертификаттар менен күбөлөндүрүп, ал тургай жумуш орундары менен камсыз кылган “Диадема” сулуулук академиясында маникюр багытындагы маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Эгер адам жогорку билим алуу үчүн орто эсеп менен жылына 50 миң сомдой контракттын акчасын төлөп, 5 жыл аралыгында 1 кесиптин ээси болуп чыкса, “Диадема” академиясында 1,5 айдын ичинде даяр адис катары билим алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

“Диадема” сулуулук академиясы эскертет: "Маникюр жасатып жатып коркунучтуу оору жугузуп аларыңызды билесизби?"

Көз жоосун алган маникюр жасатып жатып коркунучтуу оору жугузуп алуу мүмкүн экенин билесизби? Ошондуктан мастердин иш ордуна барганда эле алгач анын шаймандарына көңүл буруу керек. Лактардын түстөрүн, дизайн тандап отура бербестен сөзсүз түрдө ал шаймандарын кандай тазалыкта кармайт, ар бир процедура сайын куралдарын тазалап, дезинфекция кылып турабы, кылдат көз салып туруу керек. "Диадема" академиясында окутуу дал ушул жөнөкөй жана эң маанилүү кадамдан башталат. Дагы бир эске ала турган жагдай - мастердин баарлашуусу. Андыктан мастер өз кызматын аткарып бүткөнчө кызыктуу маектеш болуп берүүсү өзүнчө артыкчылык. Академияда дал ушул эң жөнөкөй нерсе – баарлашуу маданиятынан өйдө үйрөтүлөт.

Качандыр бир кезде маникюр чебери катары акча табууну ойлондуңуз беле?

“Диадема” академиясынан алгач сиз маникюрду окуу үчүн базалык курсту болжол менен 10 000 сомдун айланасындагы каражат төлөө менен окуйсуз. Анда классикалык боёо, тырмактагы ашыкча эттерди кесүү, кам көрүү, топту колдонуу, френч жана башка баштапкы билимге 1 айдын ичинде ээ болосуз. Мындай көндүм менен сиз кардар тейлеп, салондордо иштей берсеңиз болот. Эгер убакытты көбүрөөк сарптап, профессионалдуу билим алгыңыз келсе, 1,5 айлык курска жазылуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан базалык курска кошумча тырмакка сүрөт тартуу, страза жабыштыруу, ар кандай дизайндын түрлөрүн үйрөнүү сыяктуу сапаттуу билимге ээ болосуз. Буга болжол менен 17 000 сомдун айланасындагы каражат төлөнөт.

Мындан башка бардык ушул көндүмдөрдү бириктирип бир курста билим берүүчү VIP курсу бар. Сиз анда мурдагы алган билимиңизди тереңдетип жана керектүү шаймандар: топ, гель лактын ар түрдүү түстөгү топтомдору, кургатуучу лампа, столдун үстүнө жарык берүүчү лампа жана шаймандарды стерилдөөчү жабдыктар менен барасыз. Ошондо сиз шайман жана лак топтомдорун алууга жана билим алуунун акысын төлөө үчүн болжол менен жалпы 50 000 сом коротсоңуз, окутуу учурунда жана аны аяктаган соң аз убакыттын ичинде сарптаган акчаны иштеп чыгарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Ошондой эле академияда мезгил-мезгили менен ар түрдүү акциялар жүрүп турат. Мисалы, 2019-жылдын январь айында маникюр боюнча билим алууну каалагандар үчүн жазылуу арзандатуулар менен жүргүзүлүүдө. Тырмак боюнча адистик ар дайым талап жарата турган эскирбес билим болуп калат.

“Диадема” сулуулук академиясынын дареги:

Бишкек шаары, Юнусалиев көчөсү 87. ☎ 0312 90 26 66.

АКАДЕМИЯ №1 "ДИАДЕМА"


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
02.01.2019. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстанда салон менен ресторандан коп нерсе жок калды окшойт
02.01.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Даарат, гусул отпойт. 1.2. Айлап даарат бул жакта турсун, гусулу жок жургондун эмне кереги бар.
02.01.2019. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гусулу жок жургон адамга аллахым назар салбайт. Уйго периште кирбейт.кылган ишинде береке болбойт. Ж.б
03.01.2019. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Batma08,
Сен арабист-исламист. Ислам жомогунду аравияга барып айт. Кыргызстан эркин олко жана ошондой эле кыргыздар сага окшоп аша чапкан, арабтардын созун ээрчиген мусулман эмеспиз, андай мусулман болгубуз да келбейт. Чубак аканардан жаман нерсени уйронуп алып, бироого тануулай, бейиш жомогунарды озунор учун туткула. Бироо учун сарсана болбой эле койгула.
filis түзөттү 2019-01-03 21:41:53
03.01.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
filis,айтып коюш парз болот. Оа мен мусулманмын.сен кимсин?
Аябай окунучтуу, жаратканынды тааныбаган пенде турбайсынбы.
02.01.2019. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тырмактарым өмүрү лак көргөн эмес(тойс маникюр)
03.01.2019. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Baktyluu_bolgum_kelet,тойс эмес то есть)))
03.01.2019. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда элдер той откоруп анан жасанып эле журо беретко депда ойлоп кетесин тойкана менен салондун коптугонон.
03.01.2019. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир маникюруңар эле 1000дин тегереги болсо кк ээ?
03.01.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай байкуш менин тырмагым лакты элестете албайт болуш кк хына койсом эле суйуном
03.01.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
рекламаго
03.01.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ошто маникюр жасаткандар аз экен,биз оштуктар маникюр уйронгондун кереги деле жок,каш кирпик улагандар коп экен
03.01.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тырмагына лак койгондор куйоонор менен жаткандан кийин жуунганынар отпойт, лактын астына суу тийиш керек, а жуунбай журсонор Аллах нааразы болот, эми Аллахты нааразы кылып тырмагынарды боео ушунчалык зарылбы?
03.01.2019. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
kechirmeni, бээ десе төө деп,жомокту айтпагылачы
03.01.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Aikaaaa, Адамдар акыйкаттан ушучалык алыстап калышты акыйкат аларга тоо менен бээ,жомок болуп корунуп калды, кааласанар бетинерге коюп алаарсынар бирок болбой турганын айтуу ар бир мусулман адамдын милдети.
03.01.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялдын колу – анын визиттик карточкасы. Келгиле, маникюр жөнүндө сүйлөшөбүз, лак менен жургон адам жуунбай жургон (кошулгандан кийин) адам же дааратсыз адам
03.01.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kechirmeni,менда биринчи ушуну ойлоп жаздым эле туура айтасыз гусл отпойт
03.01.2019. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Колду таза жууп, тырмакты алып, кожанын тибине жараша крем коюп кам көрсө дагы эң сонун визиттик карточка болот. Лак коюп же эркин тамак кыла албай, же эркин кир жууй албай жүдөп эмне кереги бар? Жогоруда айтылгандай гусул кылып, даарат алып эркин жүргөн кандай жакшы!!!
03.01.2019. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне адамды алдап чыгарасынар макаланы?
03.01.2019. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура лактан гусул отпойт!
03.01.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким жогоруга комментарий жазса,
Кийинкилер ошону кайталап коймой адаттары бар а?

Оз пикиринерди жазсанар ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: