super.kg logo

Депутат: "Кепилдик фонду көрсөткөн каражаты көп, жасаган иши аз болуп жатат"

 

Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кепилдик фондунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Анда депутат Айнура Осмонова бул фондго кайрылган ишкерлердин арызы канча күндө каралып чыгарын жана ал кандай максатта түзүлгөнүнө кызыкты.

"Менин оюм боюнча, фонд ишкерлерди колдоо иретинде насыяны күрөөсү жок беришет. "2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялангандан кийин Кепилдик фонду ишкерлерди колдошу керек эле. Көрсөткөн суммаңар өтө жогору, жасаган ишиңер аз болуп жатат", - деп нааразы болду депутат.

Кепилдик фондунун төрагасы Малик Абакиров насыянын көлөмүнүн 50 пайызына чейин аталган фонд кепил болуп бере аларын билдирди.

Аталган фонддун маалыматына ылайык, кепилдик фонддун түзүлгөнүнө эки жыл болду. Бул убакыт ичинде ишкерлерди колдоо иретинде 550 миллион сомго жакын кепилдик берилген.

Кепилдик фондунун артыкчылыктуу багыттары катары: айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, тейлөө тармагы, ошондой эле аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

"Кепилдик фонду" кичи жана орто бизнести насыялоого көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн жана аларды колдоого алуунун базалык уюму болуп саналат. Кепилдик фонддун негизги милдети ишкерлерге банктагы насыялар, күрөөнүн жетишсиз учурунда лизинг келишимдери боюнча кепилдик берүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: