super.kg logo

Дүйнөдөгү эң белгилүү "Sheraton" мейманканасы эми Бишкекте иштеп баштайт

 

Эл аралык "Sheraton" мейманканалар тармагы эми Кыргыз жеринде иштейт. 2019-жылы аталган беделдүү бренддин алдында "Sheraton Bishkek Hotel" эл аралык класстагы 5 жылдыздуу мейманканасы ачылат. Бул боюнча эки тараптуу келишимге 4-декабрда кол коюлду. Иш-чарага "Sheraton Hotels" мейманкалар тармагынын өкүлдөрү, Түркиянын Кыргыз жериндеги элчиси, Бишкек мэриясы, маданият жана туризм министри, инвесторлор катышышты. Белгилүү болгондой, келишим "Bishkek Park" ЖЧКсынын инвесторлору сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин ишке ашкан.

"Bishkek Park" ЖЧКсынын инвестору Айдын Мыстачоглу дүйнөлүк бренддин Кыргыз мамлекетине келиши өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошорун баса белгиледи. "Биз бүгүн "Marriott International" компаниясынын алдындагы "Sheraton" бренди менен мейманкананы ачуу тууралуу келишимге жетише алдык. Бул нерсе өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошуп, өз ордун таба алат деп ишенебиз. Ачылышын 2019-жылдын алты ай аралыгында өткөрүүнү пландап жатабыз. Баалары Кыргыз мамлекетинин экономикалык параметрлерине жараша коюлат. "Sheraton Bishkek Hotel" эл аралык марка менен иштеген мейманканалардын бири боло алат", - деди Айдын Мыстачоглу.

"Sheraton" дүйнө жүзүндөгү ири мейманканалар тармагы болуп саналат. Ал 1937-жылы негизделген. Учурда "Marriot International" компаниясына карайт. Дүйнөдөгү 70 өлкөдө 450гө чукул мейманканаларды иштетет. "Sheraton Hotels" мейманкалар тармагынын өкүлү: “Мейманкана Бишкекте да ачылып жатканына кубанычтабыз. Кызматташтыгыбыз мындан ары да өнүгөт деп ишенем. Мейманкананын өнүгүшүнө чогуу күбө бололу”, - деп билдирди.

"Sheraton Bishkek Hotel" Борбор Азиянын так ортосу болгон Бишкек шаарында орун алат. Баш калаанын ишкердик турмушунун ортосунда өлкөнүн экономикалык борбору болгон Киев көчөсүндө жайгашып, "Бишкек Парк" соода борборунун үстүндөгү 22 кабаттуу бул имарат Кыргыз мамлекетиндеги эң бийик имарат болуп саналат. Аянты 17 500 чарчы метрди ээлеп, стандарт, жогорку комфорттуулук, люкс категориясындагы жана падыша аппартаменттеринен турган 183 номерди сунуштайт. Андан сырткары миң адамга ылайыкталган конференц-залы, жыйындар үчүн зал, СПА жана фитнес борбору, бар, ресторандар мейманкана ачылары менен Бишкек шаарындагы эң жагымдуу жайлардын бири болуп калары шексиз.

Борбор шаар үчүн бүгүн маанилүү окуя болгонун Бишкектин мэри Азиз Суракматов да айтып өттү. "Шаарыбызга дал ушундай белгилүү бренддердин келиши Бишкек шаары жана Кыргыз мамлекети инвестиция тартууга ылайык болгонуна далил", - деди Азиз Суракматов.

Мындай пикирин Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камил Фырат да билдирди. Ал Түркия мамлекети Кыргыз өлкөсүнө мындан ары да колдоо көрсөтүүсүн улантарын айтты.

"Кыргыз Республикасына инвестиция тартыла берет, биз кызматташууну улантып, өнүктүрө беребиз. Ушундай иш-чара өтүп жатканына сыймыктанып турам. Бул инвестиция үчүн маданият министрине дагы ыраазычылык билдиргим келет. Өлкөлөр ортосунда достук мамилеси өнүгөт деп ишенгим келет", - деди элчи.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу дүйнөгө белгилүү мейманканалар тармагынын Кыргыз жерине келишин абдан маанилүү жаңылык деп эсептей турганын айтты.

"Дүйнөдө чет элге чыккан туристтер эң алгач өздөрүн жатагын ойлошот. Кандай мейманканалар бар экенине жараша өз тандоолорун жүргүзөт. Дүйнөлүк мейманканалар тармагынын биздин өлкөдө дагы болушу оң таасирин берип, тейлөө сапаты жакшырып жатканына ынандырат. Мындай келишим туризм жаатына, инвестициялык климаттын жакшырышына оң таасирин берет", - деди Шумкарбек Адилбек уулу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
05.12.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кабар
06.12.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылы!Дуйнолук денгээлдеги мейманкана болсо туристтерге да жакшы жана шаарыбызга корк кошот,мындай бийик имарат бизде болгон эмес да...
06.12.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суткасына кан доллар болот экен, бирок жакшы жанылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: