Элчилик: "Орусияда көчөдө калган жарандар өз алдынча Москвага келип, жумушка орношту"
Орусияда көчөдө калган жарандар өз алдынча Москвага келип, жумушка орношту. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз элчилигинен билдиришти.
"Ушул жылдын 30-ноябрында элчиликке Кыргыз жараны чалып, автобустун айдоочусу "жүргүнчүлөр жол кирени толук төлөгөн жок" деп 40 жаранды Казакстан-Орусия чек арасында түшүрүп койгондугун билдирген. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде маселе чечилип, жарандар жолго чыгышкан.
1-декабрда алардын ичинен 18и Самара облусуна кирерде көйгөй жаралгандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарда тараган. Буга байланыштуу элчиликтин кайрылуусу менен Самарадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жарандарга жолугуп, тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн жолго чыгышкан. Диаспора өкүлдөрү барган кезде аталган жарандар өз алдынча Самара облусунан чыгып кетишкени белгилүү болгон.
2-декабрда элчиликке жогоруда айтылган жарандар Москва шаарына келгендиги жана жумушка орношкондугу тууралуу маалымат келип түштү.
Бул маселе учурда Орусиядагы Кыргыз элчилигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын көзөмөлүндө турат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Орусияда 40 Кыргыз жараны көчөдө калгандыгы тууралуу видео тараган. Алар жумушка орношуу үчүн келип, алданып калгандыгы айтылган.
кошулду
Орусияда 20 градус суукта 40 кыргыз жараны көчөдө калды


Эми консул элчилик жардам берет деген умуттомун.