Кыргызстандагы социалдык тейлөө борборлорунун маалымат базасы түзүлдү
Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы социалдык тейлөө борборлорунун маалымат базасын түздү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, республика боюнча социалдык кызматтарды көрсөткөн 189 коммерциялык эмес уюмдар, мекемелер (борборлор, жеке менчик балдар үйлөрү, медресе) бар. Алар жашоо абалы оор балдарга, үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, кары-картаңдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга жардам көрсөтүшөт. Маалымат базасы министрлик аркылуу 2012-жылдын 7-декабрында өкмөттүн №813-токтому менен бекитилген 2013-2016-жылдары балдардын жатак мекемелерин каржылоону башкарууну жакшыртуу чараларынын планына ылайык түзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

