super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Жээнбековдун жакындары анын жакшы президент катары тарыхта калышын каалашса, ишине кийлигишкенди токтотушу керек"

 

"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.

Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.

SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жооп берди.

Анын айтымында, президент тез арада чөйрөсүн тазалашы керек.

“Түркиянын түзүүчүсү Мустафа Кемаль Ататүрккө “үй-бүлө курбайм, мен Түркияга үйлөнгөм” деп айткан сөзү үчүн өз учурунда катуу чабуул коюшкан. Бул сөздүн радикалдуу көз карашы болгону менен, чындыгы бар. Азыркы президент да тууган-урук маселесин ойлонуп көрүп, тез арада айланасын тазалашы керек. Эми бул илдет күчөй берет. Бул Сооронбай Жээнбековго терс таасирин тийгизет. Жакындары Жээнбековдун тарыхта жакшы президент катары калышын каалашса, ишине кийлигишкенди токтотушу зарыл. Азыр кадр дайындоону ачык жолго салбаса, кийин кеч болот. “Кадрлар баарын чечет” деген сөз бекеринен айтылган эмес”, - деди Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: