super.kg logo

Чаткалда ИИМдин кызматкерлерин сабаган 15 жаран убактылуу кармоочу жайга жана СИЗОго киргизилди

 

Чаткалдагы ИИМдин атайын багыттагы полкунун 3 кызматкерин сабаган 15 жаранга соттун чечими чыкты. Ага ылайык, 6 адам 2 айга убактылуу кармоочу жайга, 9у СИЗОго киргизилди. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 4-декабрда Жалал-Абад шаардык соту кармалгандардын баш коргоо чарасын карап чыккан. Учурда Чаткал районунда абал туруктуу. Жергиликтүү органдар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрда кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Тургун ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан. ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. 2-декабрда окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынган. Акыркы маалыматтар боюнча, кармалгандардын катарына дагы бир жаран кошулуп, жалпы 15 адам камакта турушат. Кен иштеткен түрк фирмасынын иштешине каршы митинг 2-декабрда башталган.


кошулду





Терек-Сайда кайтаруу кызматынын өкүлдөрүнө жергиликтүү эл кол салды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
04.12.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менден суроо. Милицияларга туркторду, кытайларды кайтарсын деп маяна толоп беребизби?!!

Ал шумкарчы 3 милиция эмнеге ал жерде кызмат кылып, эмнеге ал жерди коруп отурат?!!

Милиция дегенин ууру-каракчы, педофилдерли кармап, маянасын актап жесе болбойбу?!!

Ким бироо тушундуруп берсинчи мага, ал алтын кени мамлекеттик маанилуу обьект болбогондон кийин, ал милициялардын ал аймакты кайтарууга алганы канчалык мыйзамдуу?!! !
04.12.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экинчиден, милиция кызматкерлерине жергиликтуу жаранга кол которуу укугун ким берди?!! Эгер кайсы бир жаран кайтарууда болгон аймакка кирип кетсе, аны кармап алып токмоктоо керекпи?! Тем более милициялар?!!

Токмок жеген жаран албетте жаны ачышат да...

Эмнеге ошол милициялардын иши териштирилбейт?! Же милиция болсо Кудай бекен?! Милиция болсо эле милицияга кол которууго болбойт бекен?!!

Милиция 2005, 2010-жж. Таласта, Бишкекте элден токмок жеп калып кетпед
05.12.2018. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
CEO1,сен коп биякта какшанбай
ошол милицияларга барып бетине айтпайсынбы кудайсынарбы деп, дубинка жеп келет элен)
Калп деле инфодо баатыр боло бербей,
05.12.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Matahara1980,++++++++
05.12.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Matahara1980, эгер мен Чаткалла болгонумда митингге катышып айтат эле болчумун!!!

Сенин ордунда болгонумда Сокенин камчысын чапкыча асынып алмакмын.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: