Кадыржан Батыров каза болду
Кыргыз жеринде өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кадыржан Батыров Украинанын Одесса облусунда көз жумду.
Бул тууралуу "Азаттыктын" Өзбек кызматы анын жакындарынын маалыматына таянып жазып чыкты. Андагы маалыматтарга караганда, Батыров 4-декабрга караган түнү намаз учурунда көз жумган.
Учурда анын өлүмүнүн себеби жана сөөгү кайсы жерге берилери тууралуу маалыматтар айтыла элек.
Кадыржан Батыровго "2010-жылдагы Ош окуясын уюштурууга катыштыгы бар" деген айып тагылып, сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ал 2016-жылдын 20-сентябрында Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жыйынында 5 жылдан бери Швецияда жашап жатканын айткан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
5

Ош окуясынын келип чыгышына убактылуу Окмот мучолору менен Кадыржан Батыров баштаган озбек диаспора жетекчилери куноолуу. Булардын айынан жуздогон адам олуп, миндеген адамдар жараат алып, майып болгондору канча...
Бул адамды Кудай кечирээр, бирок КЫРГЫЗ эли кечирбейт, тарых кечирбейт!!!
Сен эмнени билесин ыя, эмнени билесин?!!
Мен мисалы ошол коогаландын кубосумун. Эмне болуп башталганын, эмне болуп бутконун да билем. Коогалан багталаардан 15 кун мурун, Жалал-Абадда эл толкуп, Исмаил Исаков Бишкектен учуп келип, эл Батыровду камагыла десе, макул деп элди алдап сооротуп кетип калганын да билем. Элден токмок жеген губернатор Бектур Асановду кызмат ордуна калтырып кеткенин да билем. Ошондо алдын алса болот эле коогаланды!
Биздин чала молдо дин бузарлар журот, жакшы адам намаз устундо олот деп, жуздогон адамдын олгонун ойлоп да койбой...
Журналисттерше ошондой маалымат берилгени учун, булар да укканын жазып жатышат, чынбы калппы ойлонуп отурбай.....