super.kg logo

Социалдык фонд: "Пенсионер каза болуп калган учурда пенсиясы мураскерине төлөнүп берилет"

 

Бүгүн, 5-декабрда парламент жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Пенсия курактагы жаран каза болуп калган учурда анын пенсиясынын топтомо бөлүгү мураскерине төлөнүп берилет. Ал үчүн мураскер экенин далилдеген документ талап кылынат. Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди.

"Пенсиянын топтомо бөлүгү 2010-жылдан бери иштей баштаган. Ал өзүнчө мыйзамдын негизинде төлөнүп берилет. Эгер расмий мекемеде иштебесе, топтомо бөлүгү жок болушу ыктымал. Айылда жер иштетип, жеке ишкерлик менен алектенсе, алардын топтомо бөлүгү болбойт. Быйыл 1-ноябрга чейин 108 миң адам пенсиянын топтомо бөлүгүн алды", - деди ал.

Эл өкүлдөрү пенсияга чыгып, бирок аны албай көзү өтүп кеткендер көп экенин айтышты.

Учурда Кыргыз мамлекетинде 648 миң пенсионер бар. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен 21 миң аскер кызматкери пенсия алат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргыз өлкөсүндө орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 401 сом болсо, орточо айлык 15 миң 700 сом. Жыл сайын 40-45 миң адам пенсияга чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.12.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орточо айлык "1"5 700)))
05.12.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2010чу жылдан бери иштесе эл дагы деле билбейби же жашырып алып жургонбу
05.12.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
shergazy9, конечно элге айтып жинди болдубу булар. Тымызын чогулган акчаны жеп журушсо керек.
05.12.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орточо айлык көп го. Биз айылда 60% бийик тоолуу кошулуп, 9510 сом алдым. Мен мектепте 15 жыл стаж менен
05.12.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктагы орточо айлыкты 15000 сом деп айтып жатышат.мугалимдердин айлыгы 5000-6000сом эле,сааттарды кыскартып коюшкан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: