ӨКМ: Казакстандан качып чыгышып, Кемин районунда 4 суткадан бери аралда жаткандар куткарылды
4 суткадан бери Кемин районунун аймагында, Чу дарыясындагы аралчада жаткан жарандар куткарылды. ӨКМ билдиргендей, 12-июлда саат 18:20 чамасында министрликтин Токмок шаарындагы куткаруу кызматына аталган дарыядагы аралчада бир аял жана 14 жаштагы өспүрүм калып калгандыгы тууралуу кайрылуу түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, аралчадагы жарандар куткарылды. Куткаруучулар жээк менен аралчаны байланыштырган аркан тартып, биринчи жаш бала, анан аял куткарылды. 49 жаштагы жабырлануучунун айтымында, алар (күйөөсү, баласы менен) аралда 4 күн түнөп калышкан. Алар Казакстанга иштегени барып алданып калып, жашырынып качып келе жатышып ушул жерге туш болушкан. К.Момуналиев аттуу жаран аралдагыларды кокустан көрүп калып, күйөөсүнүн суудан кечип өтүшүнө жардам берген. Күйөөсү куткаруучуларга кайрылып, аралчада калгандар мекенине аман жетишти. Куткарылгандар Чүй облусундагы Чүй айылынын тургундары экендиги белгилүү болду.




Иштеп турган адамды эс качан алдашканын коргон жокмун.Орозонун кунундо айткандарым калп эмес.
Тескерисинче жалкоо,эптеп кун отсо акча алсам деген жердештерибиз бар экенин кордум,себеби ал жакта кунумдук тол
Азырынча эскертүү!