super.kg logo

Чаткалдын Терек-Сай айылында абал туруктуу. Айылдын борборуна 30дай адам чогулду

 

Чаткал районунда абал туруктуу, айылдын борборуна 30га жакын адам чогулганын SUPER.KG порталына бүгүн, 5-декабрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Терек-Сай айылынын борборуна 30дай жергиликтүү тургун чогулган. Алар буга чейин айтып чыккан талаптары менен чогулушкан. Тургундардын бир нече талаптары бар, алардын бири ИИМдин атайын багыттагы полкунун 3 кызматкерин сабаган деген шек менен кармалган жергиликтүү тургундарды бошотуу жана жумуш ордуларына байланышкан маселелер.

Кечээ, 4-декабрда ИИМдин 3 кызматкерин сабаган 15 жаранга соттун чечими чыккан. Анда 6 адам 2 айга убактылуу кармоочу жайга, 9у СИЗОго киргизилген болчу.

Окуянын чоо-жайы:

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрда кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отрядынын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.

ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. Кечээ, 2-декабрда окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынган.

Кен иштеткен түрк фирмасынын иштешине каршы митинг 2-декабрда кайра башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: