super.kg logo
  Саясат  

Жер иштетүү институту Айыл чарба министрлигинин карамагына өттү. Ал үрөн чарбаларынын локомотиви болот

 

Бүгүн, 5-декабрда парламенттик жыйында айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жер иштетүү боюнча кыргыз илим-изилдөө институту Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карамагына өткөнүн билдирди.

Белгилүү болгондой, буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Институттун миң гектардан ашуун жери бар экен. Базасы да талкаланып кеткен, ошолорду тургузуп, башка институттарды тартып, азыркы үрөн чарбаларынын локомотиви кылалы деп жатабыз", - деди министр.

Аталган жыйында “Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланды. Министр мыйзам кабыл алынса дыйкандар буудайдын үрөнүн 30 пайыз арзан алышарын, үрөн чарбаларынын базасы оңдолорун кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, Кыргыз мамлекетинде 109 үрөн чарбасы бар. Алар жалпысынан 31 миң 519 гектар аянтка ээлик кылат. Кыргыз жеринде бир жылда 58 миң тонна буудай, 30 миң тонна арпа үрөнү керектелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: