super.kg logo

Бишкекте биринчи жолу! "Дордой" ассоциациясы баш калаага 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай ачты

 

Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаарында 5 кабаттуу, ичине 300 машина бата турган унаа токтотуучу жай ачылды.

Акыркы жылдары борбор калаабызда унаанын саны көбөйүп, шаардын борборунда гана эмес, четтеринде да унаа койгонго орун табуу бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Мындай көйгөлүү маселени алгачкылардан болуп “Дордой" ассоциациясы чечүүнү колго алып, борбор калаада биринчилерден болуп көп кабаттуу заманбап унаа токтотуучу жайды курган.

5 кабаттуу унаа токтотуучу жай "Дордой Плаза" соода жана көңүл ачуу борборунун артына ачылды. Анын ачылышына "Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков, Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Турат Айдаров, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын архитектору Азимбек Ибраев, шаар тургундары жана ишкерлер катышты.

Бүгүн көп кабаттуу унаа токтотуучу жай эксплуатацияга берилди. Мындай жай Бишкек шаарында алгачкы жолу ишке кирип жатат. Бул жай “Дордой Плаза” соода борборунун айланасындагы инфраструктураны жогорку деңгээлге чыгарат. “Дордой Плаза” соода борборунун имаратынын алдында мындан тышкары дагы 300 унаа бата турган жай, “Дордой” комплексинин айланасында дагы 200дөн ашуун орунга ылайыкталган орун бар. Эми муну менен унаа токтотуучу 3 жайга 800-1000 унаа бата турган болду”, - дейт Аскар Салымбеков.

"Дордой соода үйү" ЖЧКсынын башкы директору Улукбек Салымбековдун айтымында, 5 кабаттуу унаа токтотуучу жайдын ар бир кабатына 60тан унааны жайгаштырса болот. Жалпы 300 орундун арасынан 10 орун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган. Ошондой эле айдоочулар үчүн 12 адам бата турган лифттер салынган.

"Курулуштун жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзөт. Бул жай алгач биздин кардарларыбыз жана ижарачылар менен жакынкы турак жайларда жашагандар үчүн салынган. Биз унаа токтотуучу жайлардын жоктугу эң негизги көйгөлөрдүн бири деп эсептейбиз. Ошондуктан көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу мындай маселелерди жоёт деп ойлойбуз. Биздин соода жана көңүл ачуу борборубуздун ишмердүүлүгү жогорку деңгээлде болушу үчүн унаа токтотууга шарттар болуусу зарыл. Бул көп кабаттуу унаа токтотуучу жай биздин артыкчылыгыбыз деп эсептейм. Анткени шаарыбыздын борборунда мындай жай башка жерлерде жок", - деди Улукбек Салымбеков.

Аталган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай күнү-түнү кайтарууга алынып, видеокөзөмөл менен камсыздалган. Унааны токтотуу баасы 50 сом. Улукбек Салымбековдун айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан акы алынбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
05.12.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы го
05.12.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жакшы жанылык,Кыргызстаным онугуп,оссо экен.
05.12.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушуга окшоп жакшы жаңылык дагы болсунчу...
05.12.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мына бизнес Акча озу келет
05.12.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Болот екенго курса
05.12.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супер
06.12.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык.
06.12.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ошол жерде жашайм. Унаага орун таппай 30-40 минут жүрөсүң айланып. Жакшы болду стоянка курулуп
06.12.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош базардын жанына дагы кургулачы бай болгурлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: