super.kg logo

АКШнын экс-президенти Жорж Буштун итинин сүрөтү миллиондогон адамдардын жүрөгүн жаралады

 

АКШнын 41-президенти Жорж Бушту жерге берүү тажыясы аяктагандан кийин экс-президенттин итинин сүрөтү талкуу чордонуна түштү. Сүрөттү Жорж Буштун маалымат катчысы Жим Макграт социалдык тармакка жүктөп, "Миссия аяктады" деген билдирүү калтырган.

Маалым болгондой, каза болгон президенттин ити Салли лабрадор тукумунан болот. Ал кожоюнунун жерге берүү тажыясында маркумдун сөөгү салынган табыттын алдында жаткан. Саллинин кайгырып жатканы сүрөттөн даана байкалган. Социалдык тармакка тараган сүрөт бир нече сааттын ичинде эле 10 миңдеген "жакты" белгисин чогулткан. Ал эми колдонуучулар "Мен бул сүрөттү көргөн сайын токтоно албай ыйлап жатам", "Биз иттердин сүйүүсүнө, бизге берилгендигине татыктуу эмеспиз", "Салли, рахмат сага! Президент сендей жаныбары болгондугуна кубанычта болсо керек!" деген билдирүүлөрүн жазышкан.

Маалымат үчүн: Жаныбардын ысымы америкалык учкуч Чесли Салленбергдин атынан коюлган. Чесли Салленберг 2009-жылы 155 адамдын өмүрүн сактап калган. Тагыраагы, 2009-жылы 15-январда Нью-Йорк-Шарлотт-Сиэтл каттамындагы учак абага көтөрүлгөндөн 2 мүнөт өтпөй казарка (өрдөк тукумундагы сууда сүзүүчү канаттуу) канаттууларынын үйүрү менен кагылышып, эки кыймылдаткычы тең иштен чыгып калган. Учакта 150 жүргүнчү, 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакты башкарган Чесли Салленберг Гудзон дарыясына ийгиликтүү конгон. Кийин аталган окуянын негизинде "Гудзондогу керемет" тасмасы тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.12.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи эле жүрүшү "настроение" экенда
05.12.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай аянычтуу,иттин козу акылдуу.
05.12.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам каза тапканда тилсиз жаныбарлар баары каза болгон адам кандай кыйналып жатканын сезип жаны жер тартат экен,аттар болсо бытырап бытырап жатып калат экен деп чондордун айткандарын уккан элем.
05.12.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сирия Ливия да ата энесинен ажыраган балдарга журогу оорубаган элдери ушул ит учун журогу ооруган турбайбы э.
06.12.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nematovich.90,азыр алар жонундо соз болуп жаткан жок, Американын мурунку президентинин ити жонундо соз болуп жатат. Аа десе бээ дебечи, кайдагыны суйлоп.
08.12.2018. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zaina,темасын окуп алчы миллиондогон адам баласын айтып жатат. Бир итке ошончолук кайгырып акыл уйротпой эле койчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: