super.kg logo

Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Азербайжан аэропортунан кармалганы айтылууда

 

Азербайжандын Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аэропортунан Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов кармалганы айтылууда. Маалыматты Азербайжандын жергиликтүү маалымат агенттиктери жазды. Ал эми бул маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн УКМК жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан тастыкташа элек.

Адамкул Жунусов Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдары тарабынан Интерпол эл аралык издөө уюму аркылуу изделип жаткан. Ага ушул жылдын август айында издөө жарыяланган.

Жунусовго 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Адамкул Жунусов өлкөнүн Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.

Каржы полициясынын билдиришинче, ушул жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Адамкул Жунусовду камакка алуу чарасы тандалып, ага издөө жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.12.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бошотуп жиберсин интерполго айтып койгула
05.12.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсбергдин корунгон жагы качып кетишип эле суунун асты жагындагы журотго кыргызстанда эле. Соттошуп коюп кайра мени таможнега койгула деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: