super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Мамлекеттик жөлөк пулдар" боюнча мыйзам долбоорунда одоно каталар кеткен. Бул өкмөттүн шалаакылыгы"

 

Бүгүн, 5-декабрда парламент жыйынында мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө сунушталган өзгөртүүлөр тармактык комитетке экинчи окуунун негизинде артка кайтарылды.

Аталган мыйзамды кабыл алууда одоно ката кетирилгенин депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

"Мыйзамды кабыл алууда одоно катага жол берилген, мыйзамдар техникасы сакталган эмес. Иштеп жаткан мыйзамда үй-бүлөнүн жалпы кирешеси пенсияны эсепке албастан аныкталары жөнүндө ченем камтылбай калган. Бул өкмөттүн шалаакылыгы болуп саналат. Көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ар бир айлык, жөлөк пул өтө маанилүү", - дейт эл өкүлү.

Биринчи окуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдарда мындай одоно каталар биринчи ирет эместигин айтышкан. Ошондуктан ката кетирген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо зарылдыгын белгилеген. Өкмөткө мыйзамда кетирилген катанын чоо-жайын тез арада иликтеп чыгып, парламентке анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү боюнча протоколдук тапшырма берилген.

Депутаттар ката кетирген күнөөлүү жактар аныкталгандан кийин мыйзам долбоорун кайра кароо сунушун беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: