super.kg logo

Чаткалдагы алтын казган "Эти Бакыр Терек-Cай" ишканасы ишин токтотту

 

Чаткал районундагы алтын казган "Эти Бакыр Терек-Cай" ишканасы өз ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Тоо-кенчилердин кесиптик бирикмесинин жетекчиси Элдар Тажибаев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим ишкана жетекчилиги тарабынан азыркы кырдаалга байланыштуу 4-декабрда кабыл алынды.

"Ишкана азыркы абалга байланыштуу өз ишин убактылуу токтотууну чечти. Кайсы убакытта өз ишин баштай турганы азырынча белгисиз. Бул бир жагынан аргасыздык болуп калды. Бирок бул компанияда 400гө жакын жергиликтүү тургундар иштейт жана социалдык пакеттин негизинде жергиликтүү бюджетке жылына 15 миллион сом төлөнүп келет. Фабрика курулуп бүтүп өз ишин баштагандан кийин бул сумма 20 миллион сомго көтөрүлөт. Андан сырткары компанияда "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын 25 пайыз үлүшү бар. Ошондуктан мамлекеттик органдар баарын тактап, инвесторлорго шарт түзүп бериши керек", - деди Тажибаев.

Буга чейин белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрда кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отрядынын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.

ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. Кечээ, 2-декабрда окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.12.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне болсонор ошо болгула. Кыргызстан жыргатпай калды го.
06.12.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетибиздин үлүшү 25 %, кандай ушундай болсун. Жер биздики алтын биздики, алар иштет теңге болсо болбойбу? Менин жеке түшүнүгүмдө чөнтөгүмдө 100 сомум бар кайда экенин билбейм, бирө ошол акчаны чөнтөгүмдөн издеп таап, колума бериши үчүн өзө 75 сомду алып калат. Акылсыздык. Балким сактап койсом, балким өзүм таап алам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: