super.kg logo

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын төрагасы болуп Нурлан Акматов дайындалды

 

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын төрагасы болуп Нурлан Акматов дайындалды. Мындай маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду таратты.

"Бүгүн, 5-декабрда "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү. Анын жыйынтыгында Акматов Нурлан Орозбаевич жетекчи болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

Акматов Нурлан Орозбаевич 1970-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Эмгек жолун эсепчилик иштен баштаган.

- 1993-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтунун экономика факультетин аяктаган.

- 1993-1994-жылдары "Жалын" кичи ишканасында эсепчи болуп иштеген.

- 1994-1995-жылдары "Аншир" кичи ишканасында директордун орун басары;

- 1995-1999-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы инспекциясынын Бишкек шаары боюнча инспектору;

- 1998-жылы КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.

- 1999-2002-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясынын "Түндүк" темир жол бажысынын башчысы кызматында, андан кийин жетекчинин орун басарлыгында иштеген.

- 2002-2007-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясынын кирешелер боюнча башкармалыгынын башчысы;

- 2007-жылдын 3-февралында Мамлекеттик бажы комитетинин башчысы болуп шайланган.

- 2007-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кезектеги жаңы кабыл алынышына каршы болуп отставкага кеткен. Мындан соң жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин комитеттин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп турган.

- 2007-жылдын 27-декабрында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин указы менен Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

- 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын бизнести өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Буга чейин белгилүү болгондой, 3-декабрда "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев өз эрки менен кызмат ордун бошоткон. Ошол эле күнү "Манас" аэропортуна убактылуу жетекчи болуп барган Абдималик Бусурманкулов дайындалган. Көп өтпөй Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул дайындоону жокко чыгарып, Бусурманкуловдун ордуна Мирлан Бегалиевди дайындады деген маалымат тараган. Ал аталган мекеменин Бишкектеги филиалынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Кийинчерээк мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев Бусурманкулов дайындалып кайра кызматтан алынды деген маалыматты жокко чыгарып, Мирлан Бегалиев убактылуу дайындалганын билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.12.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге кунсайын алмаша берет, мам.мулкту башкаруу фонду шашылбай жакшылап карап анан бир адамды койгулада, жети олчоп бир кес деп койотго
05.12.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
иштей албайт оштукту койуш керекле
05.12.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
oshtuk_jigit, кызык?
06.12.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oshtuk_jigit,гяльдирай бербе эаа дос!
06.12.2018. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ойлом эмнеге тез тез эле алмаша берет же ал жерге барган адам тез эле бутуна туруп кетеби байып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: