super.kg logo
  Саясат  

Эксперт Эмил Үмөталиев: “Инвестиция тартууда эң негизгиси - коопсуздук”

 

Чаткал районунда тургундар алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Буга жергиликтүү жашоочулар менен фирманын ортосундагы тиреш себеп болгон. Бүгүн аталган компания ишмердүүлүгүн токтоткону маалым болду.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири - инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жасашы керек болгон кандай иштерди жасабай жатат?" деген соболуна эксперт Эмил Үмөталиев жооп берди.

Ал инвестиция тартууга керек болгон үч коопсуздукту санап берди.

“Кеп инвестиция тартуунун кайсы бир тармагындагы маселеде эмес, кеп коопсуздукта. Үч коопсуздук сакталса, инвестор өлкөгө өзү келет. Биринчиси - инвестордун өзүнүн коопсуздугу.

Экинчиси - инвестордун капиталынын же акчасынын коопсуздугу. Үчүнчүсү - технологиянын эркин кириши жана анын коопсуздугу.

Биз бул коопсуздуктарды орното элекпиз. ЕАЭБ менен чектелип алып, аларга биз менен иштешүү оор жана кымбат түшүп жатат. Өзүбүз чектелип алганбыз. Орусиянын өнүккөн өлкөлөр менен тирешинен улам биздин да ал мамлекеттер менен мамилебиз суук болуп жатат”, - деди эксперт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Махабат Мавлянова, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, экономисттер Нургүл Акимова менен Кубан Чороевдин жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: