super.kg logo

Жорж Бушту акыркы сапарга узатуу зыйнатында АКШнын 5 президенти чогулду

 
АКШнын лидерлери жубайлары менен.
Жорж Уокер Буш (оң тарапта) атасы Жорж Герберт Уокер Буш менен.

Жорж Герберт Уокер Бушту акыркы сапарга узатуу зыйнатында АКШнын 5 президенти чогулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, АКШнын экс-президенти Жорж Герберт Уокер Буш менен коштошууга мурдагы президенттер Жимми Картер, Билл Клинтон, Барак Обама, Жорж Уокер Буш жана Дональд Трамп барган.

"АКШнын 41-президенти Жорж Герберт Уокер Буш менен коштошуу зыйнаты 5-декабрда Вашингтондо өттү. Каза болгон экс-президенттин уулу Жорж Уокер Буш атасы жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал атасы мамлекеттик кызмат эң керектүү иш экенин үйрөткөнүн айтты. "Атам улуу адам эле" деди. Экс-президенттин сөөгү Техаста жерге берилет", - деп жазышат басылмалар.

Жорж Герберт Уокер Буш 30-ноябрда көз жумган. Анын ден соолугу жубайынын өлүмүнөн кийин кескин начарлап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.12.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Американын онугушуно салымын кошкон президенттеринин бири,азыркы шоумен Трамп Буштун кылганынын бироон да кылбаса керек.
Жаткан жери жайлуу болсун..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: