super.kg logo

Вице-спикер Мирлан Бакиров: "Парламентке акарат айткандар кичине тизгинин тартса жакшы болмок"

 

"Парламентке акарат айткандар кичине тизгинин тартса жакшы болмок". Мындай пикирин парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

Ал быйыл парламентке 80 жыл толгонун айтып, аталган орган өз миссиясын аткарып келгенин кошумчалады.

"Кээ бир саясатчылардын парламентке айткан сынынан улам бир маселени белгилеп коюуну туура көрдүм. Парламент депутаттары V-VI чакырылыштарда жаңы нормалар менен шайланды. Гендердик теңдик, жаштар, социалдык баланс маселелери эске алынды. Алар жаңы технология менен шайланып келишти. "Парламент - бул биржа. Базаркомдор отурат" деген сөздөр жалпы парламентке шек келтирип жатат. Ким ошондой болсо, так ошол адамга айтсын. Парламентке акарат айткандар кичине тизгинин тартса жакшы болмок", - деди Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(5)
06.12.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Не чычалайсын,болгонду болгондой айтса. Каерде жаныча ак шайландынар. Акчанын кучу менен келип алып
06.12.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Базарком деп бир аз жылмалабай бут кийим саткандар отурат деп айтты деп эле айтпаптыр.
06.12.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул 120 жепжутарды давно соттоп жиберсе болот эле. Дагы башкаларды коркутуп коюшат. Биз гендердик, тендик, жаш ар ж.б.эске алып шайланып келдик деп...

Элге акса таратып эле шайланып келдинер го, эмне жанынарды жеп калп айтасынар?!! Базарда иштеген акчалуу бизнесмендер ортого акча чыгарып, ошол акчага добуш сатып алып, бийликке келиши келип алып, Жогорку Кенешти эшек жайлоого айлантып, ушак кууп жургонунор калппы?!! Дагы уялбай коркутуп коет...
06.12.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чычалап, тизгин тарттырганы калганына караса, чындыкты айткан го Мадумаров.
06.12.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол акчаны алып озунор шайлагансынар да, шайлоодо туура тандоо керек дана ЖКнын депуттарынын санын азайтыш керек. Партиялык тизме менен бирок райондорго ар бир партия оз талапкерлигин чыгарыш кк ошондо баланс сакталат, идиологиясы иш билгилер келет деп ойлойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: