super.kg logo

Боорукер жүрөк. Тоңдун тургуну Төлөкүл Майтыкова турмуштук оор кырдаалга кабылган 20 баланы багууга алган

 
Төлөкүл Майтыкова, мурдагы министр Таалайгүл Исакунова

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын жашоочусу Төлөкүл Майтыкова турмуштун оор сыноосуна кабылган 20 балага камкордук көрсөтүп, убактылуу багууга алган. SUPER.KG порталы боорукер бул адам менен байланышканда, балдар үчүн жасап жаткан мындай аракетин коомчулукка жарыялоодон уяла турганын белгиледи.

Айтымында, ал учурда 57 жашта, 26 жашында өзүнүн эле айылдашына турмушка чыккан. Майтыкова кесиби боюнча мугалим, күйөөсү мал доктур. Учурда да агартуучулук тармакта эмгектенет.

"Турмуш экен да, түрдүү тагдырлар орун алат. Менин аяганым эле балдар, кагылайындар. Өзүмдүн 2 уулум бар. Экөө тең чоңоюп, бири үйлөнүп өз алдынча болуп кеткен. Экинчи уулум Орусияда иштеп жүрөт.

Күйөөм экөөбүздүн кызыбыз жок, кыз багып алабыз деп жүрүп ата-энеси таштап кеткен 2 кызды үйгө алып келип бага баштадым. 3 жылдай өзүбүздүн кыздай көрүп, багып чоңойттук. Кийин ал кыздардын ата-энелеринин жашоосу турукташканда кайра сот аркылуу өткөрүп бердик. Ошол кезде кыздар абдан мээримге муктаж болчу, биз мээрим төгүп караганга кайра ата-энесине өткөрүп берип жатканыбызда бизден кетпейбиз деп ыйлашкан. "Силер бизди чоочун адамдарга берип жатасыңар" деп таарынышкан. Анткени аларды кичинекей чагынан алып баккан элек.

Ошентип айланада кароо, мээрим жетишпей жаткан балдар көп экенин байкадым. Ошондон тартып турмушта оор кырдаалга кабылган балдарды Социалдык коргоо башкармалыгынын макулдугу менен үйгө алып келип бага баштадым", - деди Майтыкова.

Анын бул аракетине күйөөсү каршы эмес экенин, тескерисинче, турмуштан кыйналган балдарга көп учурда билим да жетишпей калгандыктан экөөлөп аларга билим беришерин белгиледи.

"Күйөөмдөн макулсуңбу, каршысыңбы деп деле сурабаптырмын. Мен алып келем, ал да балдарга мээрим төгүп жакшы карайт, кечкисин чогуу окутабыз, демек, каршы эмес деп эле жүрөм. Кээ бир балдар аябай кыйналып келет, ич кийими, бутунда байпагы жок, жүдөгөн абалда болушат. Тим эле көрүп алып жүрөгүм эзилип кетет. Бир учурда 5 бир тууганды баккан учурум болду. Ата-энеси ажырашып кетип, балдарды убактылуу кароого алганбыз. Кийин атасынын жашоосу турукташканда келип алып кетти. Азыркы тапта үйдө дагы 3 кызым бар, аларды багып, алаксып жатам", - деди Майтыкова.

Төлөкүл Майтыкова айрым учурда балдардын ата-энелерине өздөрүнүн наристелерине мээрим төгө албагандыгы үчүн нааразы болот. Ал эми балдарга чыгым болуп жатам деп такыр ойлонбойт.

"Эми жараткан ырыскысын берем десе, баланы бакканга кемип кетпейт. Бир-эки жолу менин бул аракетимди билген адамдар келип гуманитардык жардам беришкен. Балдарды багууга алганга чыгым болдук деп кейибейбиз. Ушул кезге чейин багып, кайра үй-бүлөсүнө кайтарып берген балдарыбыз менен кабарлашып турабыз. Негизгиси балдар кордолбосо деп тилейм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
08.12.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык,балдардын кароосуз калышы кобунчо ичкиликтин ацынан болсо керек. Ичип кетет куйоосу уц було менен иши жок
08.12.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
АЛЛАХ ыразы болсун омурунуздор узун болсун сиздерге окшогондор коп болсун
08.12.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жараткан Тенирим жалгасын. Ушундай адамдар коп болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: