super.kg logo

Дүйнөдөгү эң картаң интернет блоггер аял 108 жашында каза болду

 
Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы дүйнөдөгү эң картаң интернет блоггер Мастанамма көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, Мастанамма интернет каналда өзүнүн кулинардык блогун иштетип келген. Ал түрдүү тамак-аштын жасалышын оңой жана жөнөкөй тилде түшүндүрүп берүүсү менен миллиондон ашык катталуучуну топтой алган. Интернеттеги каналды ачууну ага чөбөрөсү менен досу сунуштап, мындан 2 жыл мурун ал бул сунушту ишке ашырган. Мастанамма көбүнчө татаал эмес, бирок даамдуу, пайдалуу тамак-аштын жасалуу ыкмаларын өзүнүн каналынан бөлүшүп турган.

"Биз адегенде тамак-аштын даярдоо ыкмаларын өзүбүздү алаксытуу үчүн эле тартчубуз. Бирок аны каналга жүктөгөндө бат эле популярдуу болуп кетти. Шаарда жашаган адамдар улуттук тамак-аштарды даярдоону унутуп калышат. Мен аларга биздин ата-бабаларыбыз улуттук тамактарды кантип даярдашканын көрсөтүп берүүнү ойлонуп жүрүп, ага ылайыктуу адам деп чоң энемди тандадым. Ал менен биргеликте каналды ишке киргиздик", - деген Мастанамманын чөбөрөсү Лакшман.

Маалыматтарда жазылгандай, Мастанамма башка жаш блоггерлерден өзүнө атайылап көңүл бурдуруу аракеттерин жасабагандыгы менен айырмаланчу. Ал бардык видеолорунда өзүнүн кадимки эле жашоосун көрсөтүү менен тамак-аштын жасалыш жолун чагылдырып берген. Анын каналына катталуучулардын саны 1 миллион 200 миңге жеткен. Акыркы убактарда ал видеодон көрүнбөй кеткен. Кийинчерээк блоггер аялдын ооруп жүрүп каза болгону белгилүү болду. Жүздөгөн күйөрмандары аны издеп, жакындарына көңүл айтып жаткан учуру.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
06.12.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шумдугуң кургур!
06.12.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыр жаш кары дебей эле блоггер болуп кетишти го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: