super.kg logo
  Саясат  

Ноокен районунун тургуну: "Баасы арзан болуп, азыр дыйкандар пахта айдабай калышты"

 
“Жылдын бул мезгилинде эгин талаалары пахтага толуп турчу, баасы арзан болуп азыр эч ким пахта айдабай калды”,- деп билдирди Ноокен районундагы Достук айылынын тургуну 15-июлда аталган айылга иш сапары менен барган вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге. Айтымында, учурда пахта, пияз, помидордун баасы арзандап кетти. “Бишкектеги “Дыйкан” базарына барсак батпайбыз, орун жок. Ошондуктан “Дордой” базарынан орун алсак жакшы болмок, ушул маселени карап берсеңиз жакшы болмок”,- деди жергиликтүү тургун. Мындан сырткары тургундар чек ара маселесин да чечип берүүнү өтүндү. Айтылган көйгөйлөр боюнча маселелерди чечүүгө жардам берерин айткан Тайырбек Сарпашев август айынын ортосунда дыйканчылык иштери үчүн бул айылга 1 трактор берилерин билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: