Депутат Касымалиева Чаткалдагы кен казуу иштериндеги кырдаал жергиликтүү бийликтин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө албагандыктан улам жаралганын айтты
Кечээ, 6-декабрда Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсынын тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматы угулду.
Депутат Аида Касымалиева Чаткалдагы кен казуу иштериндеги кырдаал мурдатан эле ириңдеп келе жаткандыгын айтты. Ал мындай кырдаал район акими менен облус жетекчиси элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө албагандыгынан улам болуп жаткандыгын белгиледи.
Депутат Азиз Турсунбаев Терек-Сайдагы окуя боюнча ким күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирди. Турсунбаев бул жерде сурманы контрабанда жолу менен ташуу маселеси бар экенин, андыктан ишти калыс кароо үчүн ар бир фракциядан депутаттар тандалып, кырдаалды жеринде барып көрүп келүүнү сунуш кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
-1

Бийлик элге тушундуруу иштерин жургузуш керек болчу дейт...
Бийлик элге эмне деп тушундурсун, "Калын калайык, бизди тушунуп койгула, миллиондоп акча жебесек, алтындын узурун корбосок, тун уйкубуз качпайбы?! Ушунча акча турганда, колубузда кызмат, амал турганда жеп калбасак болчу беле? Бизди туура тушунуп койгула" деп тушундурсунбу бийлик?!!