super.kg logo

Улуу Британияда кийим-кече сатуучу дүкөндүн ээси "ууру" кызматкер издейт. Ага жакшы айлык төлөнөрү да айтылды

 

Улуу Британияда кийим-кече сатуучу дүкөндүн ээси уурулук кылуу үчүн вакансия жарыялады. Ошондой эле бул жумушка келгендерге жакшы айлык төлөнөрү да айтылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, дүкөндөн кийим-кечелерди уурдаган ууруга саатына 50 фунт (болжол менен 4462 сом) акы төлөнөт. Андан сырткары түзүлгөн келишимге ылайык, уурдалып алынган кийимдердин баары ал кызматкерге белек катары берилет.

"Мен дүкөнүмдү 2013-жылы ачкам, жыл сайын Рождествонун алдында дүкөнүмдөн көп товарлар уурдалат. Бул, албетте, чоң чыгымдарга алып келет. Ноябрь айынан баштап дүкөнгө келген кардарлардын саны кескин көбөйөт, алардын баарын көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Дүкөндүн ичинде байкоочу камералар орнотулган. Бирок ал нерсенин да жардамы тийбей калып жатат. Бул кызматка келе турган адам полициядан чочулабай эле койсо болот, ал товарды уурдап, кийин аны кантип уурдаганын гана айтып бериши керек. Мындай жол менен биз буга чейинки кетирген катачылыктарды оңдоп, уурулукту алдын алабыз. Мындай кызматкер дүкөн жоготуп жаткан чоң чыгымдарга бөгөт коёт деп ишенем", - деген дүкөн ээси.

"Ууру" кызматкер бир жумада эки-үч жолу дүкөнгө келип уурулук кылып, кийин аны кантип дүкөндөн алып чыгып кеткенин айтып берет. Андан сырткары бул кызматка мурда соттолгон адамдар алынбай турганын жана коопсуздук кызматтарында иштеген адамдарга артыкчылык берилери жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
07.12.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Вай ёлкии мен барсам окшойт
07.12.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Mikra,опыт барбы?
07.12.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин чиновник барса уйротуп берет еле
07.12.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жоок биздин чиновниктер барса,, пара бербесе кылбайт ишти
mirlanpiter түзөттү 2018-12-07 14:34:50
07.12.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
биздин аткаминерлердин баарын жонотуп жибериш керек окшойт)))
08.12.2018. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Hanzada.sabih,Биздикилер барса уурдап, айтпай коёт кантип уурдаганын)))
07.12.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин чиновниктер алдын ала айтып анан наглый урдашат .Опыт кеми 15 жыл , тааныш билиш кучтуу деп резюмеге жаздырып анан ишти баштаса керек .Аны уккан англичан ишкер оозу Кыргызстанды карап калса керек .Инвецтиция ачыштан коркуп башкаларга дагы акыл насаат берсе керек , барыштын кереги жок ал жака деп ..
07.12.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Толук адресин жазып койгула, биздин чиновниктер билет алышсын.
07.12.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биздин жепжутарлар магазиндин кожоюнун кошо уурдап кетишет...
07.12.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Комменттерди окуп жыргап аласың киши. )))
11.12.2018. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин "шефтер"укпасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: