"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын маалымат жыйынында жаңжал чыкты

Бүгүн, 7-декабрда "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын маалымат жыйынында жаңжал чыкты.
Жыйында аталган кыймылдын өкүлдөрү Сагынбек Абдрахманов, Данияр Тербишалиев жакын арада партиянын өтө турчу кезексиз жыйыны тууралуу айтып жатышкан. Залда отурган бейтааныш адамдар өздөрүн КСДПнын мүчөлөрүбүз деп тааныштырып, "Кыргызстан Абдрахмановсуз!" деп кыйкырып башташты.
Жаңжал токтобой жаткандыктан улам модератор күзөтчүлөрдү чакырып, чуу салгандарды сыртка чыгартты. Кийин маалымат жыйыны тынч улантылды.
Буга чейин өткөн аптада "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын Бишкектеги жыйынына КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина келип катышуучулар менен кайым айтышкан.
КСДПнын мүчөлөрү маалымат жыйын учурунда чыр чыгарышты
"КСДП Атамбаевсиз" жыйынын үзгүлтүккө учуратуу аракети
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Бул киши кай жерге барып 10-20 киши чогултуп жыйын откорсо эле баарын калтырбай жазып келе жатасынар. Ачыгы тажадык. Окупюрмандардан сурагылачы, ким бироого кызык бекен бу жанылык?!
Саламатсызбы, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Бул киши толковый бири болгондо ар дерге барып 5-10 кишинин башы бириккен жерде эле кыйкыра бербей болуучу, КСЛП меники деп. Колунан келсе башка партия ачып алсын, кыйынбы эмне?!!
Сураныч, бул кишинин башка бир да жыйынын "жанылык" деп алып чыкпагылачы миллион берсе да. Бул жанылык эме