super.kg logo

Куудул Абдылда Иманкулов сахнага кызуу болуп чыкканын айтса, Гүлжайна Атаканова бир баланы сабап салганы тууралуу билдирди

 

SUPER.TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн алкагында Түз эфир орун алууда. Тактап айтканда, аталган берүүнүн мурунку чыгарылышындагы катышуучулар актёр Нурдөөлөт Копоев менен ырчы Мээрим Карыпова кийинки келе турган катышуучуга журналисттик кесипти аркалоо тапшырмасын калтырышкан. Мындан улам куудул Рахман Разыков өзүн алып баруучу катары сынап, конок катары чакырылган кесиптеши Абдылда Иманкулов жана окуучусу Гүлжайна Атаканова менен маек куруп жатат.

15:05. Куудул Рахман Разыков өзүн алып баруучу катары тааныштырып, бүгүнкү эфирдин төрүнө келген коноктору менен тааныштырды.

15:11. Рахман Разыков Абдылда Иманкуловго Мискенбаев менен болгон окуя тууралуу суроо узатты.

Абдылда Иманкулов: "Мен ошол учурда унчукпай эле койсом болмок. Бирок анткенге болбой калды".

15:13. Элге таанылууда, сахнага чыгууга кимдин салымы чоң?

Гүлжайна Атаканова: "Албетте, менин сахнага келип калганыма сиздин таасириңиз чоң болгон. Устатын сыйлабаган шакирт ийгиликке жетишпейт".

Ортодо Абдылда Иманкулов: "Эптеп эле өзүнүн атын уккусу келип суроо берип жатат да" (тамашага салып).

15:16. Суроо: Акыркы тамашаларыңыз, сатираларыңызды үй-бүлөбүз менен көрө албай калдык. Уят, анан саясий темада болуп калды, сахнага чыкпай эле койбойсузбу?
Жооп: "Мен мындай сындарды кабыл албайм. Сиз мага конкреттүү бир сатирамды мисал кылып бериңиз. Менде турмуштук сатиралар толтура. Ал эми саясий темадагы сатираларды Рахман экөөбүз жарата беребиз. Өлүп эле калбасам сахнадан кетпейм!"

15:20. Кыргыз өлкөсүндөгү сатиранын абалы кандай?

Абдылда Иманкулов: "Азыр сатиранын деңгээли түшүп кетти дешет. Менимче, сатира коомго жараша өзгөрүп, замандын талабына жараша жаралат. Мисалы, мындан 20 жыл мурда жараткан сатираны азыр аткарсак, азыр деле актуалдуу. Мен биз кыргыз сатирасына салым коштук деп бетимди табактай кылып айта алам".

15:23. Суроо: Кара-Кулжа боюнча сатираңыз аябай популярдуу болуп жатат. Сатиранын идеясы кимге таандык?

Жооп: "Бул сатира бир канча жыл мурда эле жаралган".

15:24. Суроо: Гүлжайна эже, сиз мурда Рахман Разыков менен чогуу концерт коюп жүрүп кайра койбой калдыңыз. Буга Рахман акенин жубайынын кызганычы себеп болду дешет, чынбы?

Жооп: "Менин концерт койбой калганыма жеңемдин эч кандай тиешеси жок. Рахман Разыков менин атамдай. Жеңем менден устатымды кызганышы мүмкүн эмес".

15:25. Суроо: Мас болуп калып сахнага чыкпай калган күнүң болгонбу?

Жооп: "Чынын айтсам, мас болуп калып чыкпай калган күнүм болгон эмес. Бирок кызуу болуп чыккан күндөрүм болгон".

15:31. Гүлжайна Атаканова бир баланы сабап койгону тууралуу айтып берүүдө. "Ал бала 3 жыл мурда мен жөнүндө туура эмес маалымат тараткан. Бүгүнкү күнгө чейин менин артымдан сөз кылганын токтоткон эмес. Убагы келип ал баладан ачуумду чыгардым, сабадым, машинасын талкаладым, телефонун дагы алып койгом. Эртеси күнү менин үстүмөн арыз жазып салыптыр. Ошентип соттолуп кетейин дегем".

15:33. Суроо: "Тамашоучулар" менен куудулдардын айырмасы эмнеде?

Абдылда Иманкулов: "Экөөнүн айырмасын мен түшүнбөйм".

15:36. Абдылда, айтсаң саясатты көп сүйлөйсүңөр, көп сындайсыңар дейт. Саясатчылар тууралуу сүйлөбөй коюу үчүн эмне кылыш керек?

Жооп: "Саясаттагылар өздөрү элге көрүнүп иш жасап жатса айтабыз да. Биз көрүп туруп кантип сындабайбыз. Анда саясатчылар биз сындай албай турган деңгээлге чыксын".

15:40. Өзбекстан менен Казакстандын сатирасынан биздин сатиранын айырмасы бар, деңгээли башка дегенге кошуласыңбы?

Абдылда Иманкулов: "Биздин өлкөдө демократия өкүм сүрөт. Ырасында эле коңшу өлкөлөрдө биздикиндей эркиндик жок. Мисалы, Өзбекстанга барганда мени тосуп алгандар эрежелери менен тааныштырган. Айырмасын ошондо билдим".

15:44. Урматтуу меймандар, эфирден бир сатира аткарып бербейсиздерби?

Абдылда Иманкулов: "Журналист мырза, эфир башка, сатиранын сахнасы, атмосферасы башка да".

15:45. Гүлжайна эже, намаз окуп жүрөсүз, хиджаб киейин деген оюңуз барбы?

Жооп: "Туура, намаз окуйм, бирок хиджаб кие элекмин. Хиджаб кийчү күн келип калар".

15:48. Эфирдин коноктору гастроль учурундагы кызыктуу окуялардан айтып жатышат.

Гүлжайна Атаканова: "Рахман Разыков менен гастролго чыкканбыз. Концерт коюп жаткан жайдын кийим которуучу жайы бир эле бөлмө экен. Кийинки номерге даярданайын деп кийинип жатсам бирөө кирип келе жатыптыр. Көрүнбөйүн деп кычыкка кире калып, мыкка кийимимди илип алгам".

15:51. Гүлжайна Атаканова Аксынын кулуну, үй-бүлөдө 7 бир тууган. "Жолдошум менен эки башка жолго түшкөнүм менен, өзүмдү элдин кызы деп билем. Элдер жолдошу жок, бактысыз деп ойлошот экен. Жолдошу барлардын баары эле бактылуу эмес, жалгыз жашагандардын баары эле бактысыз эмес".

15:54. Конокторго эркин микрофон сунулуп, элибиздин курсагы ток, бакубатчылык, тынчтык орносун деген жакшы тилектерин айтышты.

15:55. Алып баруучунун ролун жараткан Рахман Разыков эфирди жыйынтыктап жатып, жылдыздан жылдызга тапшырма берүүсүн өтүндү.

Абдылда Иманкулов кийинки келе турган конокко "Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын алкагында маек курсун" деген тапшырмасын калтырды.






Абдылда Иманкулов Гүлжайна Атакановага кантип бут тоскон?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
07.12.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түз эфир качан башталат убакыт өтүп кетти го
07.12.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булон жонундо айтып бергилечи
07.12.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжайна тел чукуганы келген окшойт
07.12.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулжайна еже олллллло жагат да .Ишинизге ийгилик.
07.12.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Абдылда Иманкулов кызуу эмес, мас эле болуп алып, отурган ордунан турбай Ошто интермедиясын аткарган. Дагы Замир Мырзабы же бир ырчыныбы уйлонду эле деген актанып.
Кой эми Гулжайна кайра-кайра эле мактана бербе эркекти сабадым деп, ким экенини реклама кылып.
07.12.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Такыр эле кызыксыз маек болуптур. Эч бир эле жакшы создору жок
07.12.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
.Гулжайна бир байкуш эркекти сабап алып кечке мактана бербечи,бир куну жолундан бир жинди эркек чыгып тобонду кандай койбосун.)) Куудулдардын баша саясаттан чыкпай калганы чын аларды буларсыз эле коруп билип атабыз го. Саясаттан чарчаган элди кулдуруп маанайын которбой кайра эле ошолорду туурайсынар. илгери мыскыл жана тамаша сонун болчу эле.
07.12.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сындатып эле койсо силерди,урматуу фррумчулар,лично силер ким учун эмне жасап койдунар ойлосонор?Бар болунуздар!Сыйлайм баарыныздарды.
08.12.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман болушсун эл аман силер аман..эл багып жатат силерди кудайынарга шугур дегиле...эч бирин куудул деп санабайм озунорду озунор которгуло эч ким учун жашоонор кызык эмес...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: