super.kg logo

Депутат Тазабек Икрамов 2009-жылы адам уурдоого буюртма бербегенин жана фамилиясын эмнеге өзгөрткөнүн айтып берди

 

Тазабек ИкрамовЖогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан чыгарылган депутат Тазабек Икрамов ишкер Бахтияр Амиражановду уурдоого буюртмачы катары шектелгенин буга чейин айрым ЖМКлар жазып чыгышкан. Анда Тазабек Икрамовдун фамилиясы ал кезде Стамкулов болгонун, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары жазылган.

Тазабек Икрамов дарегине карата айтылып жаткан маалыматтар калп экенин, жалган маалымат тараткандарды сотко берерин SUPER.KG'ге 7-декабрда айтып берди.

"Менин Бахтияр Амиражановду уурдоого буюртмачы катары шектелгеним калп жана жалган жалаа. Ошондой кылмыш ишке тиешем болсо, Жогорку Кеңешке депутат болуп келмек эмесмин да. Депутат болордон мурун БШКга соттолбогонумду далилдеген аныктама тапшыргам. БШК кылмыш ишке катышым бар болсо депутат болууга макулдук бербейт болчу. Таза болгонум үчүн депутат болуп отурам. Керек болсо Амиражановдун атасы Жусупжан Жээнбеков 2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп турганда кеңешчиси болуп иштегем. Кийин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турганда да коомдук жардамчысы болуп иштегем.

Бул жерде болгону мен көтөрүп чыккан дамилгелерди көрө албагандар жалган маалымат таратып жатышат. Буга чейин "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген таризде маани бербей келдим эле. Кийинки жума юристтер менен кеңешип жалган маалымат тараткандарды сотко берип, маселеге чекит койбосом болбой калды", - деди Икрамов.

Ошондой эле ал фамиясын эмне себептен өзгөрткөнүн түшүндүрдү.

"Стамкулов деген фамилиямды Икрамов деп өзгөрткөнүм чын. Себеби атамдын жана өзүмдүн бир туугандарымдын баарынын фамилиясы Стамкулов болгондуктан, мен атамдын аты унутта калбасын деп анын атынан Икрамов деп өзгөртүп алгам. Бул жерде эч кандай күмөн санай турган маселе жок. Бирок уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда бармынбы же жокмунбу, билбейм. Себеби ИИМ ошол учурда спорт менен машыгып башы көтөрүлгөн спортчуларды ал тизмеге кошуп коюуну модага айландырып алган болчу", - деди Икрамов.

Бахтияр Амиражановдун атасы экс-депутат Жусупжан Жээнбеков

Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков уулу Бахтияр Амиражановдун өлүмүнө Тазабек Икрамовдун тиешеси жок деген пикирин айтты.

"Тескерисинче, экөө ага-ини катары жүрүшкөн. Баламдын өлүмүнө күнөөлүүлөр азыр камакта отурат. Тагыраагы, 4 адам кармалып, соттун чечими менен үчөө эркинен ажыратылса,Жумабек Зикирбаев дегенин Биринчи Май райондук сотунун жанынан качырып туруп атып салышкан. Ким атканы азыркыга чейин белгисиз.

Кийин Икрамовду кимдир бирөөлөр "өлтүрөбүз, кыйнайбыз" деп чыгышканда, аны өзүмө кеңешчи кылып алгам. Ал учурда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп турган болчумун", - деди Жээнбеков.

Депутат Тазабек Икрамов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган же катталбаганын ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов так айткан жок.

"Кимдир-бирөөнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп айта албайбыз. Ал соттун гана чечими менен аныкталат. Биздин ички ыкчам иштерди жүргүзүү максатындагы ишибизге гана тиешелүү тизме болот", - деди Сеитов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражанов 2008-жылы 24-сентябрда Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү бир жылдан кийин Чоң-Кемин аймагынан табылган. Кийин анын өлүмүнө шектүү катары кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалган. Алардын бири райондук соттон качып бара жаткан жеринен атып өлтүрүлгөн, үчөө эркинен ажыратылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
07.12.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ф.И.О алмаштырганда иш бар да. Демек кылмышкер. Любой залга тушкон бала анын залы тамагы бекер болсо анда ал кылмышкер. Себеби алардын устунон чондор турат, озуно жакбагандарды сабап олтуруп журо беришет...
08.12.2018. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atanazarov10, мен деле өзүм көрбөгөн чон атамдын фамилиясында жүрөм. Атам атына өтлм деп жүрөм. Фамилия ушул максатта өзгөрткөндөр да бар
07.12.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тазабек Икрамов "жарандык алган кытайлардын санын аныктап, чет өлкөлүктөрдү кыргыз жарандыгынан ажыратуу керек" деген сөзү үчүн дароо душмандар баш көтөрүп каралоого киришти. Көрдүңөрбү, элим! Кыргыздын жат элдик душмандары канчалык күчөгөн!
Бул депутаттын сөзүн 100% колдойм!
08.12.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
grace, бул кептер кечоо бугун эмес, коптон бери айтылып келсе керек...

Криминалдардын бийликке келиши жанылык деле болбой калды.....
08.12.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
grace, Адам бир жакшы созу учун эле Кыргыздын патриоту болуп кетпейтко . Тазабек чындап эле крим дуйнонун адамы , мен кошуна айылдан болом Тазабектин . Убагында кооп нерсе укканбыз ал жонундо - эми болсо депутат. Убагында кылмыштын баарын кылып , жаш откондо - намаз окуп , депутат болсо эле жакшы болуп кетпейттир.
11.12.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ma2as,тообо кылса намаз окуп калса жакшы болуп кетет
07.12.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул депутатты чукуса бир нерсе чыгат, жөн жүрсө кантип эле кылмыштуу топтун мүчөсүнө кирсин. Россиянын жарандыгы болушу дагы мүмкүн.
07.12.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рекет болуп жүргөнүн көп адамдар айтышат бирок Бактыярга тиешеси жок.Мелис Орозалиев жакшы билет ошондон сурагыла.
08.12.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Убагында Рекет эле болуп жургон , атын коп укканмын Тазабек андай кылыптыр мындай кылыптыр деп . Ишенбей деле калдым Кыргызстаныма , убагында кара дуйного тиешеси барлар ачык эле депутат болуп журушот . Сузактыктар баары билет ким экенин Тазабектин .
11.12.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ma2as,уккан болок коргон болок билип ал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: