super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов: "Акыркы эки чакырылыштагы Жогорку Кеңеш дөңгөлөгү жок трактордой, дуулдайт, бирок жүрбөйт"

 

Кыргыз мамлекетинде шайлоо алдында партиялар элдин добушун алуу үчүн бир канча куру убадаларды беришет. Андан кийин убадалар унутта калат. Мындан улам коомчулук дайыма Жогорку Кеңешти кескин сындап келишет. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 6 партия жеңишке жеткен. Бул чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү бүтөрүнө 2 жылга жакын убакыт калды.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?" деген соболуна мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов жооп берди.

Ал партиялар шайлоочулардын ишенимин актаган жок деген пикирин айтты.

"Акыркы эки чакырылыштагы Жогорку Кеңеш дөңгөлөгү жок трактордой. Дуулдайт-дуулдайт, бирок жүрбөйт. Мамлекеттин тагдырына таасир берген чоң-чоң актуалдуу маселелерди чече алган жок, майда-чүйдө демилгелер менен иштеп жатышат. Айтор, партиялар мамлекетти башкарууга татыктуу деңгээлде Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын аткара алышкан жок. Эгерде ушул эрежелер менен шайлоо өтө турган болсо, кийинки парламент мындан да жаман болот. Кептин баары ошол акчага багытталган шайлоо эрежелеринде болуп жатпайбы? Аларды түп тамырынан өзгөртүш керек. Чыныгы лидер шайлана турган системди киргизүү керек. Азыркы систем өтө жараксыз", - деди Байболов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: