super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Көмүскө ишмердүүлүктү жоюу аракеттери көрүлүүдө

 
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында 284 соода түйүнү, 161 коомдук тамактануучу жай жана 16 базар иштейт. Алардын сапаттуу иштешин жана санитардык-техникалык абалын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатканын шаардык мэрия билдирет. "2013-жылдын 6 айында бул тармактан 2 миллион 83,2 миң сом салык чогултулуп, план 100 пайызга аткарылды",- деп билдирди шаар мэри Мухтар Арапбаев. Мэр шаардыктарга кызмат көрсөтүүнүн деңгээли да жогорулай турганын айтат. “2013-жылы мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмү шаардык салык кызматы менен биргеликте көмүскө ишмердүүлүктү жоюу, шаар боюнча жылына чекене соода көлөмүн кеминде 110 пайызга жогорулатуу боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда”,- дейт Арапбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: