super.kg logo
  Саясат  

"Вечерний Бишкек" басылмасынын мурдагы ээсинин жаңы жагдайлар боюнча ишти карап чыгуу тууралуу жазган арызын шаардык сот да канааттандырды

 

Бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы "Вечерний Бишкек" басылмасы жана "Рубикон" жарнамалык фирмасы боюнча арызды карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

"Вечерний Бишкек" басылмасынын мурдагы ээси Александр Ким жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти карап чыгуу боюнча сотко кайрылганда Биринчи Май райондук соту анын арызын канааттандырган. Бул чечим боюнча басылмага Александр Кимден кийин ээлик кылган Александр Рябушкин доо арыз жазып, шаардык сотко кайрылган.

"Бишкек шаардык соту бүгүн жарандык ишти карап Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды", - деп билдиришти Жогорку Соттун басма сөз кызматынан.

Белгилүү болгондой "Вечерний Бишкек" басылмасына байланыштуу бир нече кылмыш иштери ачылган. Алардын ичинде басылманын акционерлеринин Александр Рябушкинге жазган арызынын негизинде ачылган кылмыш иши, "Рубикондун" дивиденддери боюнча Александр Кимге карата ачылган кылмыш иши, "Рубикон" жарнамалык фирмасы боюнча жарандык иш жана "Вечерний Бишкек" басылмасынын акциялары боюнча жарандык иштер бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: