super.kg logo

Соодагерлерге таазим! "Дордой" базарында сатуучу-эмгекчилерге арналган эстелик ачылды

 

“Дордой” базары өлкөбүздөгү гана эмес, дүйнө жүзүндөгү ири базарлардын катарына кирет. Бүгүн, 7-декабрда “Дордой” базарында сатуучу-эмгекчилерге арналган эстеликтин ачылышы орун алды. Аталган эстелик “Дордой” базарынын 27 жылдыгына карата тургузулду.

Эстеликтин ачылышына "Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти жана “Дордой” базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков, Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев, ишкерлер жана шаар тургундары катышты.

“Бул эстеликти мен 5-6 жыл мурун биздин ишкерлерге тургузуп берем деп убада бергем. Ишкерлер Кыргыз өлкөсүнүн эң кыйын жылдарында өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө салымын кошкон. Мына “Дордой” базарынын 27 жылдыгына карата мен берген убадамды аткарып, сатуучу-эмгекчилерге эстеликти тургузуп бердим. 1991-жылы Советтер Союзу тараганда өлкөбүздө фабрика, заводдор жабылып, дарыгерлер, мугалимдер жана башка эмгекчилер манаясыз калышкан. Ошол кезде “Дордой” базары өлкөбүздүн бир топ тургунуна жардам берип, алар “Дордой” базары аркылуу үй-бүлөсүн багып кеткен.

“Дордой” базары 1991-жылы бир жарым гектар аянтта ачылган. Ал кезде бул жакта эч нерсе жок болчу. Базардын өнүгүп кетерине эч ким ишенген эмес, иштеп жүрүп бир топ сынга кабылганбыз. Бирок биз ишти токтотпой, дайыма өнүгүүгө умтулуп, азыркы тапта 100 гектар аянтты ээлеген базарбыз бар.

2008-жылы Дүйнөлүк банк “Дордой” базарын изилдеп, дүйнөнүн 10 ири базарларынын катарына киргизген. Биз бул менен сыймыктанабыз”, - деп айтты Аскар Салымбеков.

"Дордой соода үйү" ЖЧКсынын башкы директору Улукбек Салымбеков учурда базарда 100 миңден ашуун адам иштегенин айтып өттү.

"Дордой" базарынын 27 жылдык тарыхы бар, азыр бул жакта 100 миңден ашуун адам иштейт. 1991-жылы Советтер Союзу тарагандан кийин өлкөбүздө жашоо абдан кыйын болгону белгилүү. “Дордой” базары ишкерлер үчүн куткаруучу кайык болду деп айтсак болот. Жердештерибиз мүлктөрүн күрөөгө коюп, башка өлкөлөрдөн азап тартып, товарларды ташып келишкен. Бул жактан алар соода кылып, үй-бүлөсүн багышкан. Биз эстелик орнотуу менен соодагерлерге чоң ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келди", - дейт Улукбек Салымбеков.

Сатуучу-эмгекчилерге арналган эстелик 1990-жылдардагы соодагерлерди элестетет. Ал кездеги сатуучулар Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн ири көлөмдөгү товарларды алып келип, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына чоң салым кошкон. “Дордой” базары 27 жылда дүйнөнүн ири базарларынын катарын толуктады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
08.12.2018. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улан Салымбеков..
08.12.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мындай эстелик Россиянын кайсы бир шаарында тургузулган эчак эле,идеяны уурдап алган жоксунарбы?))
08.12.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле базарчылардын иши оор
08.12.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
кайран акча дордойдун ичи эмне болуп жатканын Аскар байкебиз билбейт чыгар аренда издесен только через охрана или админ.ция аркылуу табасын светин очконун айтпа мурун охранга 1000эле сом алчу азыр 1050 эмнеге десен банка толо дейт анда 1020 50сомдон алганда эле мин контейнерден 50мин сом алып койот мурункудай соода болсон экен бир жон айта берсен коп стоянкаларды айт былтыр 30сом болсо азыр 50сом или Аскар байкебиз билбейтко дейм буларды куйруктары эмне кылып жургонун
08.12.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Канча адам тиричилик кылып жатат.Рахмат Аскар агабызга.Ушундай эл камын ойлогон эркектерибиз коп болсун!
08.12.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бироолорго байлык бийлик а бироолорго бутпос азап алып келген базар да.
08.12.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эстелик тургузмай мода окшойт быйыл бизде
08.12.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эстеликти жарым жыланач кылбай кыш мезгилиндеги соодагердин образын жасабаптыр. Кышында дордойдун ичи Тундра го
08.12.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дордойду дордой кылган соодагерлер экенин Бир эске алып койушсалар
09.12.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда калбаган эстелик
09.12.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Базарбыз бар эмес базарыбыз бар деп айтса керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: