super.kg logo

Эсептөө палатасы: "КТРК бюджетке 57 миллион сомдук зыян келтирген"

 

Эсептөө палатасы КТРКнын каржылык ишин текшерип чыгып, 2016-2017-жылдары бюджетке 57 миллион сомдук зыян келтиргенин аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы Эсептөө палатасынын расмий сайтына илинди. Андагы маалыматтарга караганда, эфир убактыларын колдонуу боюнча келишимдерде бааларды төмөндөтүп көрсөтүп, андан түшкөн акча эфирдин убактысын да жаппай калган.

Мисалга BBC корпорациясынан бюджетке 1 миллион 568 миң сом түшпөй калса, "Азаттыктан" 6 миллион 281 миң сом түшпөй калган.

Ошондой эле Эсептөө палатасынын отчётунда “Тамашоу” берүүсүнө эфирдик убакыт Көркөм кеңештин макулдугусуз берилип турганы көрсөтүлгөн. Анын жыйынтыгында бюджетке 1 миллион 394 миң сомдой акча түшкөн эмес. Андан сырткары эфирдик убакытты бартердик негизде берүүдө бюджетке 24 миллиондон ашык зыян келтирилген. Себепсиз шоу-концерттерге убакыт берүүдөн 13 миллион 852 миң сом чыгым болгону жазылган.

Ал эми 2016-жылы 8 камералуу көчмө студияны сатып алууда тендердин шарттары бузулганы жана бир катар кемчиликтерге жол берилгени көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
08.12.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
60жылдыгына карата Илимге белек болуптурда))
08.12.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Илим мырзага кара булут айланганбы дейм.
08.12.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илим гейттерди кайра кайра эфирге чыгарып ошого зыян тартты
08.12.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илим таза эле тайрандап кеттиго
08.12.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баягында Илим автокырсыкка кабылып аман калганда кысыш керек болчу, эми өзүнөн көрсүн. Кустургула! Ктркда 5-6 телеканал бар биринен бир жакшы нерсе көрсөтпөйт!
08.12.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал эле эмес санариптик телеберүүгө өтүү долбоорун да текшерилет, кандай гана сапатсыз ишке ашырылган.
08.12.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Очередь Илимде келип жетиптир да
08.12.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Илим жаны жаны шылтоолорду даярдап тур. Жакында жалган шылтоолорунду бодонодой сайрайсын. Жалган шылтоолорунду сайраганын сайын аны угуп мен куло берип жыргайм.
08.12.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Илимди озу 5 жыл илгери камаш керек болуучу......
08.12.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Неге илимиди мвнча тайрандатышты???
08.12.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олкодогу бюджети чон канал болгонуна карабай,эски форматта(жалпайтып) корсотуп аткан жалгыз ушулар.Корсо милион-ду жеп атышкан турбайбы.
ruslanz түзөттү 2018-12-08 17:39:41
09.12.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөлүүлөрдү жөн гана жумушунан бошотуп коюп ишти жаап койбой,жеген акчасын кустурсун,болбосо бул жумушунан кетип,бир аздан кийин дагы башка жумушка олтуруп калышат,эч нерсе билмексен болуп
09.12.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягыда Азамат Болгонбаев айтып чыкпады беле эмне ошондо эле иш козгошподу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: