Кадыржан Батыровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилди
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Кадыржан Батыровдун сөөгү 8-декабрь күнү Өзбекстандын Ташкент облусундагы Занги-Ата районунда жерге берилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" Өзбек кызматы анын жакындарынын маалыматына таянып жазып чыкты. Андагы маалыматтарга караганда, Кадыровдун сөөгүн Занги-Ата районунда жерге берүүгө район акими макулдук берген.
Батыровдун жакындары буга чейин анын сөөгүн Жалал-Абад облусуна алып келип жерге берүү үчүн жергиликтүү бийликке кайрылып, бирок уруксат ала алышкан эмес.
Кадыржан Батыров 4-декабрга караган түнү Украинанын Одесса облусунда каза болгон.
Ага "2010-жылдагы Ош окуясын уюштурууга катыштыгы бар" деген айып тагылып, сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. 2016-жылдын 20-сентябрында Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жыйынында сүйлөп жатып ал 5 жылдан бери Швецияда жашап жатканын айткан.


Ошол коогаланда жакындарын жоготкондор, мацып болгондордун бетине айта аласынбы ушул созунду ыя?!! Сени да Батыровдун артынан жонотушот ойлонбой!!!
Отунбаева баштаган "убактылууларды" камаш керек, туура... Бирок Кадыржан тууралуу айткандарын туура эмес. Аны Кудай кечирген кундо да Кыргыз эли кечирбейт!!!