super.kg logo

Нарын шаарында кичинекей кыз кудукка түшүп кетти

 

Инстаграмга Нарын шаарында үстү жабылбай турган кудукка түшүп кеткен кыздын видеосу жүктөлгөн. Видеону жүктөгөн баракча автордун сөзү катары төмөндөгү билдирүүнү жазган.

"Бул мамлекеттин шалаакылыгыбы же кыздын туура эмес басканыбы? Албетте, мамлекет, люкту ачат, эмнеге кайра жаап коюшпайт. Жерди казышат, кайра жаап коюшпайт.

Шаардагы Кулубаев көчөсүндөгү оозу ачык турган люкка 8-декабрда саат 13:00 чамасында кичинекей кыз түшүп кетти. Бүгүн бул кыз, эртең дагы бирөө түшүп буту-колун сындырат. Ким билет, түшүп кетип жатышат, көрбөгөнүбүз канча...

Нарын шаардык администрациясы каякты карап жүрөт. Кулубаев көчөсүнөн адам баскандан заарканат. Канализациядан жагымсыз жыт чыгат, көчөнүн баары муз. Эми тургундардын буту сына электе кемчиликтерди жоюу керек", - деп жазылат.

Видео колдонуучулардын ачуусун келтирип, сын пикирлер жазылган. Анда шаар мэриясына карата терс пикирлер жазылып, кыштын чилдесинде кудукка түшүп кеткен кызды аягандар көп.






Нарында кичинекей кыз кудукка түшүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.12.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудуктун капкагын темирге сатып жиберишсе керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: