Парламент комитетинде билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин сапаты боюнча маселе каралат
Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин сапаты боюнча маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова жасайт.
Мындан тышкары күн тартип боюнча 5 маселе коюлат. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тариф саясатынын маселелерин чечүүгө макулдашылган ыкманы иштеп чыгуу үчүн жумушчу тобун түзүү жөнүндө, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.