Депутат Примов статистикалык комитет берген маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка дал келе турганын сурады
Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Улан Примов статистикалык комитет берген маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка дал келе турганын сурады.
“Статистика комитети өздөрү берген маалыматка ишенеби? Маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?” - деп депутат Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрүнөн сурады.
Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев берилген маалыматтар туура экенин айтты.
Примов: “Башка мамлекеттегилер, эл аралык уюмдар биздин статистиканы карап иш жүргүзүшөт. Ошондуктан көп маселе статистикага көз каранды. Маалыматтар туура, так берилиши зарыл”, - дейт.
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында статистика боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Benazir08

11.12.2018. 00:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улан озу жакшыыы иштеген жигит эле ЖК га барып тегеле козго корунуктуу иш жасай элек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.