Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурумда жактоочу: "Кылмыш ишинин курамы толук аныкталбагандыктан Марс Бөдөшов акталсын"
Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча соттук отурумда айыпталуучунун жактоочусу жарыш сөзүн сүйлөдү.
Анда жактоочу бул иш соттук отурумда өтө тездик менен каралып жаткандыгын, көп күбөлөр суралбай жана башка далилдөөчү заттардан экспертиза толук алынбай калганын баса белгиледи.
"Бурулайдын өлүмүндө Жайыл РИИБинин бир канча кызматкери суралды. Бирок алардын бири да Марс Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө киргенин көргөн эмес. Алар "бирөө" отурган деп жатышат. Каяктагы бирөө үчүн, балким, биз Марсты күнөөлөп жаткан жокпузбу? Буга чейин бир канча жолу бул кылмыш ишти тергеген эки тергөөчүнү чакырууну өтүнүп келдик. Бирок канааттандырылган жок", - деди ал.
Жактоочу жарыш сөзүнүн аягында "кылмыштын курамы толук аныкталбагандыктан Марс Бөдөшовду актап берүүңүздөрдү суранам" деди.
Ал эми кийинки соттук отурум эртең, 11-декабрда улантылып, анда Марс Бөдөшовдун жактоочусун бүгүнкү процессте айткан жарыш сөзүнө жабырлануучу тараптан каршы пикир айтылгандан кийин өкүм чыгарыла турганы айтылды.
кошулду



Эми сот кандай чечим чыгарган кундо да адилетсиз чечим болот.
Анткени ал куноолуу ким экенин аныктай алган жок. Демек куноосу аныкталбай туруп соттосо да туура эмес, актаса да туура эмес. Кыскасы полная лажа!!!
Видеокамералар иштеп келип, ошондо иштебей калса, бычактан отпечатка алынбаса, ото кумондуу го?!
Кыскас