super.kg logo

50 миң доллар пара менен кармалган чиновник 1,5 айга камакка алынды

 

50 миң доллар пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев бир жарым айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Соттун маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, жыйынтыгында 2019-жылдын 21-январына чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечими кабыл алынды.

Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып камакка алынган. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

Транспорт жана жолдор министринин маалыматына караганда, ушул жылдын сентябрь айында Нарындагы Эпкин-Башкууганды аймагындагы унаа жолдун 70 чакырымын курууга тендер өтүп "Todini" компаниясы утуп алган. Ал 70 чакырым жол Түндүк-Түштүк жолунун 2-фазасынын 3-участогу болуп саналат. Тендердик комиссияга Жусубалиев өзү төрагалык кылган. Комиссия курамында Финансы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңеш жана биздин кызматкерлер болгон.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов SUPER.KG'ге пара менен кармалган орун басары министрликте коррупцияга каршы күрөштүн башында турганын билдирген.

Азимкан Жусубалиев аталган кызмат ордуна 2017-жылдын февралында ошол учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кол койгон буйругу менен келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
10.12.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саткын
10.12.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыркы 200 мин $ менен калмарган прокурор Экоосун олум жазасына тартыш керек жакшы сабак болмок башкаларга .
10.12.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооок урдаган карапайымдын баласын 5 жылга эркинен ажыратып 50 мин доллар алган чиновникти 1.5 айга камаган сотко рахмат
10.12.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bulardy tochna china road podstava kyldy okwoyt. Sebebi buga cheyin joldun baaryn china road ondop kelgen. Para alganyda bergeni da bilingen emes.
10.12.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каралсын акча жеген пара корлор карапайым элге боштондук
10.12.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
10.12.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуру журогу оорубаган байкуштун эми журогун оорутуп коёт экенсинерда
10.12.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эч кимдин нормалдуу соту болуп,жазасын отогон паракорлор барбы?50мин доллар ото эле коп.Россиялап темселеп журуп уйго жетип жатабыз.Соттогула,эмне баарын СИЗОдо кармап отурасынар?!
10.12.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тандалма кылбай баардыгын текшериш керек бизде бүт чиновникти текшерсе биринде да үй, машина жок а бирок жашаган жерлери хан сарай мингендери 10 дон кымбат баалуу машинелер. Кармалса баары инвалид.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: