super.kg logo
  Саясат  

Финансы министри кызматына президенттин кеңешчиси Бактыгүл Жээнбаева сунушталды (өмүр баяны)

 

Бактыгүл ЖээнбаеваФинансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаева сунушталып, анын талапкерлигин бүгүн парламенттик комитет карамакчы. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына депутат Исхак Масалиев тастыктады.

Эл өкүлүнүн айтымында, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны 11-декабрдан 10-декабрга жылдырылган.

"Бүгүн финансы министри кызматына талапкердин маселеси каралат. Комитеттин эртеңки жыйыны бүгүнкүгө жылдырылды", - деди Масалиев.

Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.

Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.

Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында туулган. Экономика илимдеринин кандидаты. Учурунда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы болуп, кийин Улуттук банктын төрайымы, 2011-2015-жылдары аталган мекеменин жетекчисинин орун басары катары эмгектенген. Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы болуп да иштеген. Ошондой эле 2016-жылдын декабрына чейин "Айыл банктын" башкаруучулар кеңешинин төрайымы болгон. 2018-жылдын июлунан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: