super.kg logo

Азербайжан соту Адамкул Жунусовду Кыргыз жерине өткөрүп берүүгө уруксат берди

 

Азербайжан соту Бажы кызматынын издөөдө жүрүп кармалган мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду Кыргыз жерине өткөрүп берүүгө уруксат берди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан 10-декабрда тастыкташты. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, тийиштүү документтер даяр болгондон кийин Жунусов Кыргыз жерине алып келинет.

"Азербайжандын сот органдары Адамкул Жунусовду өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алды. Учурда дипломатиялык каналдар аркылуу тийиштүү документтер чогултулуп жатат. Ал даяр болгондон кийин Жунусов Кыргыз жерине алып келинет. Учурда ал Баку шаарында камакта отурат", - деди Анастасия Пискур.

Адамкул Жунусовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, ушул жылдын август айында издөө жарыяланган. Издөө иштеринин натыйжасында декабрь айынын башында Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аэропорттон кармалды. Ал Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
10.12.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өткөрүп берип туура кылышыптыр. Эми Кыргызстанга келгенден кийин аларды катаал жазага тартуу керек. Ошондо гана башка аткаминерлер кыймылдай баштайт.
10.12.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанга алып келип соттогонунар жакшы, эми оорубай турсун да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: