super.kg logo

Жогорку Кеңештин комитетинде туура эмес жазылган окуу китептери тууралуу маселе талкууланып жатат

 

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жалпы билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин сапаты жөнүндө маселе каралып жатат.

Депутат Евгения Строкова китептеги каталар тууралуу маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатканын айтты. "Мындай маселе жаралгандан улам билим берүү жана илим министрин жана башка тийиштүү кызматкерлерди чакырып маалымат угууну туура көрдүк. Анткени айрым жарандар бул маселеге депутаттар көңүл бурбай жатат деп нааразы болушууда", - дейт депутат.

Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин деканы Ырыскүл Токторова мектептеги 6-класстын география китебинде одоно каталар кеткенин билдирди. "Бул боюнча 2 жылдан бери айтып келгенбиз. Эч кандай чечим кабыл алынган эмес. Орусча менен кыргызча география китептерин салыштырып, карап көрсөңүздөр, айырмасы чоң. Терминдер туура эмес которулган. Мектеп окуучуларына туура эмес билим берген болбойт", - деди Токторова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.12.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кабарлар сюрприз деле болбой калды го. Мамлекетттин сабатсыздыгы
10.12.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жылда дагы жаңы китеп. Тендердин туура эмес өтүп жатканынын белгиси. Китеп басып чыгаруу бизнес болуп калды. Туурабы туура эмеспи акча бергендики тендерден өтүп кетип жатат. Мектептерге болсо окуу программасы берилбей туруп жаңы китептер берилет. Окуу программасы менен китептеги темалар дал келбей калган учурлар толтура. Жаңы окуу программасы келгенче кайра жаңы китеп берилип мугалимдерди да көйгөйгө салган учурлар бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: