Түштүк Кореянын президенти Ким Чен Ынды Сеулга чакырды
Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды Сеулга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин Аргентинадагы "Чоң жыйырмалыктын" (G20) саммитинен келген соң эле Түндүк Кореяга чакыруу жөнөткөн.
"Мун Жэ Ин Ким Чен Ынды 12-14-декабрда Сеулга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Азырынча Түндүк Кореядан расмий жооп боло элек", - деп жазылат маалыматта.
Айрым маалыматтарда Ким Чен Ындын 2018-жылдын аягына чейин Түштүк Кореяга сапар жасабай тургандыгы айтылууда.
Буга чейин Мун Жэ Ин Түндүк Кореяга барып, эки тараптуу келишимдерге кол коюп келген. Бул жолку чакыруу аталган сапарга жооп иретинде болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
defne15

10.12.2018. 20:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы экен.
Asiamoll

11.12.2018. 10:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түндүк Кореянын арскер-саясаты жөнүндө маалымат керек болуп жатат.Билгендер барбы?0505 06 0799
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.