super.kg logo

MegaCom жана "КТ Мобайл" мамлекеттик компанияларынын кызматташтыгы – сапаттуу мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн өбөлгөсү

 

MegaCom компаниясынан мыкты жаңылык! "КТ Мобайл" ЖЧКсы менен бирге ишмердүүлүк жүргүзүү жөнүндө келишим түзүү укугуна ээ болуу боюнча аукционунда жеңүүчү аныкталды. Аукциондун жеңүүчүсү – "Альфа Телеком" ЖАК "КТ Мобайл" ЖЧКсы үчүн көмөкчү оператор катары иш алып бармакчы.

"КТ Мобайл" ЖЧК "Кыргызтелеком" ААКсынын туунду компаниясы болуп саналат жана уюлдук кызматтарын көрсөтүү лицензияларына ээ. Эки мамлекеттик компаниянын мындай алакасы мобилдик тармактын туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн мыкты өбөлгө. Жакын арада MegaCom абоненттери үн байланышынын сапатынын жакшыргандыгын жана мобилдик интернеттин ылдамдыгынын бир топ жогорулагандыгын байкай алышат. Жыштыктарды бирге колдонуу өлкө аймагында, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарда MegaCom түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул, албетте, абоненттер үчүн ыңгайлуу болмокчу. Мындай өнөктөштүк, өз кезегинде, ишенимдүү байланышты жана мурдагыдан да көп түзмөктөрдү кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыздай алат.

Мындан тышкары, мамлекеттик байланыш оператору болуу менен, MegaCom өлкө бюджетин толуктоого бараандуу салым кошуп келет. Санарип аянтчаларында жыштыктарды бөлүштүрүү – бул дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба жана мамлекеттик казынаны каражаттар менен толуктоону ачык-айкын шарттарда жүргүзүүнүн ыңгайлуу жолу.

Аукцион 2018-жылдын 2-ноябрында "Кыргызтелеком" ААКсынын расмий сайтында жарыяланган. Кыргызстандын телекоммуникациялык тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар үч байланыш операторуна "КТ Мобайл" ЖЧКсы тарабынан бирдей чакыруу алышкан. Аукционго катышуу үчүн эки байланыш оператору билдирме беришкен. 2018-жылдын 5-декабрында, жарыяланган лотто эң жогорку бааны сунуштоо менен, "Альфа Телеком" ЖАКсы жеңүүчү болуп табылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: