Бишкекте 64 жаштагы пенсионер "уюлдук телефондорду уурдаган" деп шектелүүдө
Бишкек шаарында 64 жаштагы жаран "уюлдук телефондорду уурдаган" деген шек менен кармалганын Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Акыркы 3 күндө "Ош базарынын" айланасында бир нече адам уюлдук телефондорун уурдатып жибергендиги тууралуу арыз менен кайрылышкан. Иликтөө-издөө иштеринен соң уурулукка шектелип жогоруда аталган жаран кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-09-30
18:19
2025-09-30
15:55
2025-09-30
15:16
2025-09-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.